# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-декабрындагы № 588-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-июлундагы № 349-б буйругуна толуктоолор киргизүү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-декабрындагы № 588-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-июлундагы № 349-б буйругуна толуктоолор киргизүү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 588-р
- Кабыл алынган күнү: 12.12.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.12.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/209622>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-9972/edition/531536/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/209622.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.12.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-декабрындагы № 588-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-июлундагы № 349-б буйругуна толуктоолор киргизүү боюнча) буйругу (12.12.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/209622

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2012-жылдын 12-декабры № 588-б Ун жана нан азыктары базарында азык-түлүк интервенциясын жүргүзүү жана республиканын калкын мамлекеттик материалдык резервдин азык-түлүк буудай данынан иштелип чыккан, базар баасынан төмөн баада сатылуучу ун менен камсыз кылуу максатында: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-июлундагы № 349-б буйругуна төмөнкү толуктоолор киргизилсин:

- 1-пункту:

үчүнчү абзацы "азык-түлүк буудай данынын" деген сөздөрдөн мурда "сакталышын камсыз кылуучу жооптуу сактоочу ишканаларда ("Талас Дан-Азык", "Алтын-Дан", "Кант Дан-Азык", "Карасуу Дан-Азык" ачык акционердик коомдору, "Дан" мамлекеттик ишканасы жана Балыкчы шаарындагы Түндүк аймактык башкармалык)" деген сөздөр менен толукталсын; төмөнкү мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын: "региондордун калкынын буудай унун алууга болгон керектөөлөрүнө ылайык азык-түлүк буудай данынын жооптуу сактоочу ишканаларга ташылышын;"; сегизинчи абзац "унду сатуу" деген сөздөрдөн мурда "республиканын региондору боюнча" деген сөздөр менен толукталсын;

- төмөнкү мазмундагы 3-1-пункт менен толукталсын:

"3-1. Жооптуу сактоочу ишканалар түздөн-түз сакталган жеринде кайра иштетилген азык-түлүк буудай данынын көлөмдөрүн эске алуу менен ушул буйруктун 2-пунктунда көрсөтүлгөн ташылуучу азык-түлүк буудай данынын өлчөмүнө оңдоолорду киргизсин.".

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев
