Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругуна толуктоолор киргизүү боюнча) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2012-жылдын 12-декабры № 588-б Ун жана нан азыктары базарында азык-түлүк интервенциясын жүргүзүү жана республиканын калкын мамлекеттик материалдык резервдин азык-түлүк буудай данынан иштелип чыккан, базар баасынан төмөн баада сатылуучу ун менен камсыз кылуу максатында: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-июлундагы № 349-б буйругуна төмөнкү толуктоолор киргизилсин:
- 1-пункту:
үчүнчү абзацы "азык-түлүк буудай данынын" деген сөздөрдөн мурда "сакталышын камсыз кылуучу жооптуу сактоочу ишканаларда ("Талас Дан-Азык", "Алтын-Дан", "Кант Дан-Азык", "Карасуу Дан-Азык" ачык акционердик коомдору, "Дан" мамлекеттик ишканасы жана Балыкчы шаарындагы Түндүк аймактык башкармалык)" деген сөздөр менен толукталсын; төмөнкү мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын: "региондордун калкынын буудай унун алууга болгон керектөөлөрүнө ылайык азык-түлүк буудай данынын жооптуу сактоочу ишканаларга ташылышын;"; сегизинчи абзац "унду сатуу" деген сөздөрдөн мурда "республиканын региондору боюнча" деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкү мазмундагы 3-1-пункт менен толукталсын:
"3-1. Жооптуу сактоочу ишканалар түздөн-түз сакталган жеринде кайра иштетилген азык-түлүк буудай данынын көлөмдөрүн эске алуу менен ушул буйруктун 2-пунктунда көрсөтүлгөн ташылуучу азык-түлүк буудай данынын өлчөмүнө оңдоолорду киргизсин.".
Премьер-министри
Ж.Сатыбалдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.