# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-декабрындагы № 569-б (Юбилейлик иш-чараларга даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин түзүү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-декабрындагы № 569-б (Юбилейлик иш-чараларга даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин түзүү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 569-р
- Кабыл алынган күнү: 03.12.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.12.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/209605>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-9955/edition/532269/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/209605.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.12.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 3-декабрындагы № 569-б (Юбилейлик иш-чараларга даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин түзүү боюнча) буйругу (03.12.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/209605

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2012-жылдын 3-декабры № 569-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-январындагы № 18-б буйругун аткаруу жана Кыргыз Республикасынын эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Кыргыз Республикасынын гимнинин авторлорунун бири, көрүнүктүү драматург Жалил Садыковдун туулган күнүнүн 80 жылдыгына арналган юбилейлик иш-чараларды өткөрүү максатында:

1. Юбилейлик иш-чараларга даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча төмөнкү курамда уюштуруу комитети түзүлсүн:

К.А.Талиева

- Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;

И.К.Жунусов

- Кыргыз Республикасынын маданият жана туризм министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары.

Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:

К.Ж.Садыков

- Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;

И.Ш.Өмүркүлов

- Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);

А.Ж.Азыранкулов

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;

У.Д.Изабаев

- Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Кемин районунун мамлекеттик администрация башчысы - аким;

К.О.Иманалиев

- Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директорунун орун басары (макулдашуу боюнча);

Абдрахман уулу Ш.

- «Коомдук телекөрсөтүү - ЭлТР» Кыргыз Республикасынын телерадиоберүү компаниясынын башкы директору;

А.А.Акматалиев

- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору (макулдашуу боюнча);

Ч.А.Абыкеев

- Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы (макулдашуу боюнча);

М.У.Алышпаев

- Т.Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын директору;

Ж.К.Бакашова

- Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын директору;

Б.Ж.Жакиев

- Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, драматург (макулдашуу боюнча);

К.И.Исаков

- Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин проректору, коомдук ишмер, «Шабдан Баатыр» эл аралык фондунун директору;

И.Ч.Исамидинов

- Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректору;

А.Ж.Султанбаева

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн эксперти;

М.А.Үсөнбаев

- Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын директору;

М.С.Шаршенбаев

- Кыргыз эл артисти, Кыргыз Республикасынын Театр ишмерлери союзунун төрагасы (макулдашуу боюнча).

2. Юбилейлик иш-чараларды өткөрүү планы тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Юбилейлик иш-чараларды өткөрүүгө байланыштуу чыгымдар ишке тартылган мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин чегинде, ошондой эле тартылган каражаттардын эсебинен жүргүзүлсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-июнундагы № 257-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.

5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

Ж. Сатыбалдиев

Тиркеме

Кыргыз Республикасынын эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жалил Садыковдун туулган күнүнүн 80 жылдыгына арналган юбилейлик иш-чараларды өткөрүү Планы

№

Иш-чаралар жана аларды өткөрүү орду

Мөөнөтү

Жооптуу аткаруучулар

1

«Ала-Арча» комплексинде Ж.Садыковдун эстелигине гүл коюу. Юбилейлик иш-чаралардын катышуучулары үчүн 100 адам кабыл алуу

2012-жылдын 23-октябры

Билиммин, Маданиятмин, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу (макулдашуу боюнча), юбилярдын үй- бүлөсү жана туугандары (макулдашуу боюнча)

2

Ж.Садыковдун төмөнкү пьесалары боюнча театрдык фестивалды ачуу:

«Манастын уулу Семетей»; «Адам менен Азезил» «Өлүп тирилгендер»; «Ак Мөөр»; «Мен арызданам»

2012-жылдын 23-28-октябры

Маданиятмин, Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драмтеатры, жалпыга маалымдоо каражаттары

3

Бишкек шаарында № 84 орто мектебине Ж.Садыковдун атын ыйгаруу, юбилярдын чыгармачылыгына арналган класс-музей жана стендди презентациялоо

2012-жылдын 24-октябры

Билиммин, Бишкек шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча)

4

Ж.Садыковдун китеп көргөзмөсүн ачуу: жарыяланбаган ырларынын жаңы жыйнагын жана «Жүрөктө акын элеси» эскерүүлөр китебин презентациялоо

2012-жылдын 25-октябры

Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы

5

Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде Ж.Садыковдун 80 жылдык юбилейине арналган илимий-практикалык конференция

2012-жылдын 25-октябры

Билиммин, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети

6

Т.Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясында Ж.Садыковдун 80 жылдык юбилейине арналган салтанаттуу жыйын жана юбилярдын чыгармалары боюнча театрдык музыкалык көрсөтүү

2012-жылдын 29-октябры

Маданиятмин, жалпыга маалымдоо каражаттары
