# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-майындагы № 208-б (Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн офицерлери үчүн турак жайларды курууда Кытай тарабынан жардам көрсөтүү жөнүндө) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-майындагы № 208-б (Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн офицерлери үчүн турак жайларды курууда Кытай тарабынан жардам көрсөтүү жөнүндө) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 208-р
- Кабыл алынган күнү: 23.05.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.05.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/209582>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-9932/edition/530529/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/209582.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.05.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-майындагы № 208-б (Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн офицерлери үчүн турак жайларды курууда Кытай тарабынан жардам көрсөтүү жөнүндө) буйругу (23.05.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/209582

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2012-жылдын 23-майы № 208-б Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү менен Кытай Элдик-Боштондук армиясынын ортосунда Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн офицерлери үчүн турак жайларды курууда Кытай тарабынан жардам көрсөтүү жөнүндө 2011-жылдын 24-апрелиндеги макулдашууга (мындан ары - Макулдашуу) ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги Макулдашуунун алкагында Кытай Эл Республикасы берген жүктөрдү кабыл алуучу болсун.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 178, 179 жана 239-беренелерине ылайык, жогоруда аталган Макулдашууга ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында ташып келинген жүктөргө бажы алымдарын, салыктарын жана жыйымдарын төлөөдөн белгиленген тартипте бошотсун.

Премьер-министр

Ө.Бабанов
