# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 21-майындагы № 204-б (Ашхабад шаарында (Түркмөнстан) 2012-жылдын 30-майында боло турган Көзкарандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына киргизилүүчү документтердин долбоорлору жактыруу боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 21-майындагы № 204-б (Ашхабад шаарында (Түркмөнстан) 2012-жылдын 30-майында боло турган Көзкарандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына киргизилүүчү документтердин долбоорлору жактыруу боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 204-р
- Кабыл алынган күнү: 21.05.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 21.05.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/209578>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-9928/edition/530521/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/209578.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.05.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 21-майындагы № 204-б (Ашхабад шаарында (Түркмөнстан) 2012-жылдын 30-майында боло турган Көзкарандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына киргизилүүчү документтердин долбоорлору жактыруу боюнча) буйругу (21.05.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/209578

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2012-жылдын 21-майы № 204-б Ашхабад шаарында (Түркмөнстан) 2012-жылдын 30-майында боло турган Көзкарандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына киргизилүүчү документтердин тиркелген долбоорлору жактырылсын:

- Көзкарандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин гидрометеорологиялык ишин өнүктүрүү стратегиясы жөнүндө Көзкарандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин чечиминин долбоору;

- Көзкарандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу мамлекеттерде дене тарбиясын жана спортту өнүктүрүүнүн 2020-жылга чейинки стратегиясы жөнүндө Көзкарандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин чечиминин долбоору;

- Көзкарандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин финансылык кызмат көрсөтүү рынокторун либералдаштыруу концепциясы жөнүндө Көзкарандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин чечиминин долбоору;

- Көзкарандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин интефацияланган валюталык рыногун уюштуруу жаатындагы кызматташтык тууралуу макулдашуу жөнүндө Көзкарандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин чечиминин долбоору;

- 1998-жылдын 25-ноябрындагы, Көзкарандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин электр энергетикалык системаларынын параллелдүү иштөөсүн камсыз кылуу тууралуу келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколдун долбоору;

- Көзкарандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин 2020-жылга чейинки мезгилге мамлекеттер аралык инновациялык кызматташтыктын программасынын оператору жөнүндо жобосу тууралуу Көзкарандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин чечиминин долбоору;

- Көзкарандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин өнөр жай жаатындагы кызматташтыгы жана Өнөр жай саясаты боюнча кеңешти түзүү жөнүндө макулдашуунун долбоору;

- Көзкарандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча координациялык кеңешин түзүү жөнүндө макулдашуунун долбоору;

- Көзкарандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин Туризм боюнча кеңеши жөнүндө макулдашуунун долбоору;

- 1992-жылдын 9-октябрындагы, Геодезия, картография, кадастр жана жерди дистанциялык зондирлөө жаатындагы Шериктештиктин катышуучу мамлекеттеринин өз ара аракеттенүүсү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун долбоору;

- 1998-жылдын 11-сентябрындагы, Токой өнөр жайы комплекси жана токой чарбасы жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун долбоору;

- 1999-жылдын 13-январындагы, Көзкарандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин китепканалар аралык абонемент системасын түзүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколдун долбоору;

- 2007-жылдын 25-майындагы, Көзкарандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин дене тарбия жана спорт жаатындагы кызматташтыгы жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протоколдун долбоору;

- Көзкарандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин куралдуу күчтөрдү инженердик камсыз кылуу жаатындагы кызматташтык жөнүндө макулдашуунун долбоору;

- Көзкарандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин органдарын каржылоонун тартибин регламенттеген Көзкарандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин нормативдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу Көзкарандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин чечиминин долбоору.

Премьер-министр

Ө.Бабанов
