# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-майындагы № 196-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-мартындагы № 100-б буйругуна толуктоо киргизүү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-майындагы № 196-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-мартындагы № 100-б буйругуна толуктоо киргизүү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 196-р
- Кабыл алынган күнү: 15.05.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.05.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/209570>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-9920/edition/530504/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/209570.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.05.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-майындагы № 196-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-мартындагы № 100-б буйругуна толуктоо киргизүү боюнча) буйругу (15.05.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/209570

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2012-жылдын 15-майы № 196-б Көп жааган кардан жабыркаган облустардын малчыларына мамлекеттик колдоо көрсөтүү үчүн арпа сатып алуу жана сатуу механизмдерин тактоо максатында: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-мартындагы № 100-б буйругуна төмөнкү толуктоо киргизилсин: төмөнкү мазмундагы 2-1 - 2-4-пункттар менен толукталсын: "2-1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин алдындагы Атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча департамент сатып алынуучу арпага бааны белгилесин. 2-2. Райондордун жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын арыздары боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду көп жааган кардан жабыркаган райондордун малчыларына сатуу үчүн арпа бөлсүн. 2-3. Райондордун жергиликтүү мамлекеттик администрациялары:

- Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин алдындагы Атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча департамент белгилеген баа боюнча малчыларга арпа сатсын;

- арпаны сатуудан түшкөн акча каражаттарын республикалык бюджетке которсун.

2-4. Арпаны сатуудан түшкөн акча каражаттарын республикалык бюджетке өз убагында которууга жеке жоопкерчилик жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларына жүктөлсүн.".

Премьер-министр

Ө.Бабанов
