КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругуна толуктоо киргизүү боюнча) буйругу
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2012-жылдын 15-майы № 196-б Көп жааган кардан жабыркаган облустардын малчыларына мамлекеттик колдоо көрсөтүү үчүн арпа сатып алуу жана сатуу механизмдерин тактоо максатында: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-мартындагы № 100-б буйругуна төмөнкү толуктоо киргизилсин: төмөнкү мазмундагы 2-1 - 2-4-пункттар менен толукталсын: "2-1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин алдындагы Атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча департамент сатып алынуучу арпага бааны белгилесин. 2-2. Райондордун жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын арыздары боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду көп жааган кардан жабыркаган райондордун малчыларына сатуу үчүн арпа бөлсүн. 2-3. Райондордун жергиликтүү мамлекеттик администрациялары:
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин алдындагы Атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча департамент белгилеген баа боюнча малчыларга арпа сатсын;
- арпаны сатуудан түшкөн акча каражаттарын республикалык бюджетке которсун.
2-4. Арпаны сатуудан түшкөн акча каражаттарын республикалык бюджетке өз убагында которууга жеке жоопкерчилик жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларына жүктөлсүн.".
Премьер-министр
Ө.Бабанов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-мартындагы № 100-б (Көп жааган кардан жабыркап малчыларга мамлекеттик колдоо көрсөтүү боюнча) буйругуРаспоряжение · 24.03.2012 · № 100-р
Шилтеме берет (1)
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-мартындагы № 100-б (Көп жааган кардан жабыркап малчыларга мамлекеттик колдоо көрсөтүү боюнча) буйругуРаспоряжение · 24.03.2012 · № 100-р