# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-майындагы № 187-б (Кыргыз Республикасынын туристтик кластерин түзүүнүн долбоорун иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын план-графиги бекитилүү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-майындагы № 187-б (Кыргыз Республикасынын туристтик кластерин түзүүнүн долбоорун иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын план-графиги бекитилүү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 187-р
- Кабыл алынган күнү: 14.05.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.12.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/209562>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-9912/edition/530487/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/209562.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.12.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-майындагы № 187-б (Кыргыз Республикасынын туристтик кластерин түзүүнүн долбоорун иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын план-графиги бекитилүү боюнча) буйругу (06.12.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/209562

---

КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-декабрындагы № 781-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2012-жылдын 14-майы № 187-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-январындагы № 55 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Стабилдүүлүк жана бакубат жашоо" программасын ишке ашыруу боюнча 2012-жылга иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Стабилдүүлүк жана бакубат жашоо" программасын аткаруу үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын туристтик кластерин түзүү, жылдыруу жана өнүктүрүү максатында:

1. Кыргыз Республикасынын туристтик кластерин түзүүнүн долбоорун иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын план-графиги (мындан ары - Иш-чаралардын план-графиги) тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Министрликтер, мамлекеттик комитет, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) Иш-чаралардын план-графигин толук өлчөмдө жана белгиленген мөөнөттө ишке ашырууну камсыз кылышсын.

3. Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлигине "IST Consulting" компаниясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жана "Азиянын жүрөгү" туристтик кластерин түзүүнүн долбоорун иштеп чыгуу үчүн контракты түзүүгө ыйгарым укук берилсин.

4. Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлиги Иш-чаралардын план-графигинин аткарылышы жөнүндө маалыматты ай сайын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берип турсун.

5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

Ө.Бабанов

Тиркеме

Кыргыз Республикасында туристтик кластерди

түзүү долбоорун иштеп чыгуу жана ишке

ашыруу боюнча иш-чаралардын

ПЛАН-ГРАФИГИ

| № | Мазмуну | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берүү мөөнөтү (2012-жыл) | Жооптуу аткаруучулар |
| --- | --- | --- | --- |
| 1. Туристтик кластерди өнүктүрүү программасына киргизүү үчүн келечектүү аймактарды жана объекттерди тандоо |  |  |  |
| 1.1 | Маалымат топтоо жана талдоо: - региондордун аймактарында ишке ашырылган жана туризмди өнүктүрүүгө байланышкан долбоорлор боюнча; - республиканын региондорунун аймактарындагы туризмди өнүктүрүүгө багытталган колдонуудагы жана иштелип жаткан программалар боюнча; - өзгөчө корголгон жаратылыш аймактарына карата; - курорттук комплексттерди куруу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу пландаштырылган аймактардагы кадастрдык эсептин жана зоналардын чек арасындагы райондордун топографиялык карталарынын абалы жөнүндө | 1-июнь | КРӨМА, ОМА, ЭМСМ, КТЧКТМА, МКК |
| 2. Аналитикалык маалыматтарды төмөнкү багыттар боюнча топтоо жана иштеп чыгуу |  |  |  |
| 2.1 | Туристтик агымдар: - туристтик агымдарды аныктоо; - негизги потенциалдуу керектөөчүлөр топтору боюнча базарды сегментациялоо; - тышкы жана ички туристти агымдардын болжолу | 1-июнь | МТМ, ОМА, ТИМ |
| 2.2 | Энергетикалык инфраструктура: Энергетикалык инфраструктуранын өнүгүү деңгээлин талдоо, керектүү кубаттуулукту аныктоо жана төмөнкүлөргө болжол: - энергетикалык инфраструктура (ЛЭП); - башкаруу кубаттуулугу (электростанциялар). | 20-май | ЭӨМ, ОМА |
| 2.3 | Транспорттук инфраструктура: Транспорттук инфраструктуранын өнүгүүсүн баалоо, керектүү өзгөрүүлөрдү аныктоо жана болжол: - катнаш жолдору, өткөрүү мүмкүнчүлүгү (автомобиль, темир жол, суу, аба); - транспорт (автомобиль, темир жол, суу, аба); - жол инфраструктурасы (станциялар, порттор, вокзалдар, май куючу жайлар ж.б.) | Май-июнь | МТМ, ОМА, ISТ Соnsulting (макулдашуу боюнча) |
| 2.4 | Керектөө түзүмү Керектөө түзүмүнүн абалын талдоо жана болжол: - жергиликтүү өндүрүштөгү тамак-аш азыктары; - республиканын башка региондорунан алынып келинген/чет өлкөдөн импорттолгон тамак-аш азыктары | 20-май | АЧММ, Улуттук статком (макулдашуу боюнча), ОМА, ТВФКМИ, ССМ, IST Соnsulting (макулдашуу боюнча) |
| 2.5 | Импортту алмаштыруу мүмкүнчүлүктөрүн талдоо | 20-май | ЭМСМ, ОМА, МБК |
| 2.6 | Адам ресурстары Демографиялык көрсөткүчтөрдү талдоо жана адам ресурстарынын картасын түзүү: - туристтик тармактагы ишке орноштуруу боюнча статистикалык көрсөткүчтөр; - кесипкөй кадрларды керектөө; - кесипкөй кадрларды керектөөнү жергиликтүү калктын эсебинен жабуу потенциалы | 20-май | ЖЭИКМ, Улуттук статком ОМА, IST Соnsulting (макулдашуу боюнча) |
| 3. Мастер-концептти визуалдаштыруу |  |  |  |
| 3.1 | Курулуштун жана көмөкчү инфраструктуранын карталарын, долбоорлорун даярдоо. I этап II этап | 20-май, май-июнь | КРӨМА, ОМА, IST Соnsulting (макулдашуу боюнча) |
| 4. Мыйзамдарды талдоо |  |  |  |
| 4.1 | Республиканын бир нече региондорунун аймактарында өзгөчө экономикалык зоналарды түзүү мүмкүнчүлүгүн караштырган өзгөчө экономикалык зоналар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды даярдоо | 1-июнь | ЭМСМ, ЮМ, ОМА, IST Соnsulting (макулдашуу боюнча) |
| 4.2 | Өзгөчө экономикалык зоналарга инвестиция тартууну жогорулатууга багытталган салыктык жана бажылык чараларды төмөнкүлөрдү камтуу менен иштеп чыгуу: - киреше салыгын азайтуу; - туристтик-рекреациялык зоналарда эркин бажы зона режимин колдонуу | 1-июнь | ЭМСМ, ФМ, МСК, МБК, ISТ Соnsulting (макулдашуу боюнча) |
| 4.3 | Келечектүү аймактарды зоналаштырууну жүргүзүү | 1-июнь | ОМА, МТМ, КРӨМА, МКК, IST Соnsulting (макулдашуу боюнча) |
| 5. Инвестициялык потенциалды баалоо |  |  |  |
| 5.1 | Өзгөчө статустагы туристтик зоналарды түзүүдө эл аралык тажрыйбаны талдоо, аналитикалык корутунду даярдоо | 1-июнь | МТМ,ТИМ, IST Соnsulting (макулдашуу боюнча) |
| 5.2 | Улуттук жана тышкы инвесторлор үчүн долбоорлордун инвестициялык потенциалын баалоо: - коркунучтарды баалоо; - инвестициялык көрсөткүчтөрдү баалоо (алдыңкы эл аралык рейтингдеги агенттиктерден рейтингдерди алуу боюнча консультацияларды өткөрүү); - инвестицииялык сунуштардын түзүмүн иштеп чыгуу | Июнь | ЭМСМ, МТМ, IST Consultingё (макулдашуу боюнча) |
| 6. Туристтик кластер долбоорунун башкаруу түзүмүн иштеп чыгуу жана бекитүү |  |  |  |
| 6.1 | Долбоорду башкаруу түзүмүн иштеп чыгуу жана бекитүү | Июнь | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты |
| 7. Кыргыз Республикасынын рекреациялык жана инфраструктуралык потенциалын өнүктүрүүнүн жалпы концепциясын иштеп чыгуу |  |  |  |
| 7.1 | Туристтик кластерди өнүктүрүү программасына киргизилген бардык келечектүү аймактардын жана объекттердин жыйындысын тандоо жана визуалдаштыруу | Июнь | МТМ, IST Соnsulting (макулдашуу боюнча) |
| 7.2 | Аналитикалык маалыматтарды төмөнкү багыттар боюнча топтоо жана иштеп чыгуу: - региондордун бальнеологиялык потенциалын талдоо; - табигый-географиялык жана климаттык потенциалын талдоо; - республиканын региондорунун тарыхий-маданий потенциалын талдоо; - дарылоо-профилактикалоо потенциалын талдоо; - техникалык жана энергетикалык инфраструктуранын потенциалын талдоо | 20-май | МТМ, ГМРМА, ССМ, ЭӨМ, ТКМ, ISТ Соnsultingё (макулдашуу боюнча) |
| 7.3 | Кыргыз Республикасынын туристтик кластерин түзүү долбоорун жылдыруунун стратегиясын иштеп чыгуу: - жергиликтүү жана чет өлкөлүк потенциалдуу инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; - ниеттер боюнча макулдашууларды түзүү | Август-сентябрь | МТМ, ТИМ, ISТ Соnsulting (макулдашуу боюнча) |
| 7.4 | Туристтик кластерди түзүү долбоорун жылдыруунун финансылык стратегиясын иштеп чыгуу: - кредиттик-финансылык институттар (банктар, түз инвестициялар фонддору, венчурдук фонддор) менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; - каражат тартуу үчүн шаймандарды иштеп чыгуу; - ниеттер боюнча макулдашууларды түзүү | Август-сентябрь | МТМ, ЭМСМ, ФМ, IST Соnsulting (макулдашуу боюнча) |
