# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-майындагы № 173-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-январындагы № 18-б буйругуна толуктоо киргизүү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-майындагы № 173-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-январындагы № 18-б буйругуна толуктоо киргизүү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 173-р
- Кабыл алынган күнү: 02.05.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.05.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/209549>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-9899/edition/529882/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/209549.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.05.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-майындагы № 173-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-январындагы № 18-б буйругуна толуктоо киргизүү боюнча) буйругу (02.05.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/209549

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2012-жылдын 2-майы № 173-б Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 15-февралындагы № 1645-V "Кыргыз элинин даңазалуу уулу Бишкек Баатырдын 310 жылдыгына арналган иш-чаралар жөнүндө" токтомуна ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-январындагы № 18-б буйругуна төмөнкү толуктоо киргизилсин:

- тиркемеси төмөнкү мазмундагы 12-пункт менен толукталсын:

"

| 12 | Бишкек баатырдын туулган күнүнүн 310 жылдыгы | Кыргыз Республи- касынын Өкмөтү | Кыргыз Республи- касынын Өкмөтүнүн буйругу | Респуб- ликалык бюджет жана демөөр- чүлүк жардам | уюштуруу- инспектор- дук иштер жана региондук мониторинг бөлүмү | Кыргыз Республи- касынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 15-февра- лындагы N 1645-V "Кыргыз элинин даңазалуу уулу Бишкек Баатырдын 310 жылдыгына арналган иш-чаралар жөнүндө" токтомуна ылайык |
| --- | --- | --- | --- | --- | --- | --- |

".

2. Бишкек шаарынын мэриясына бир жумалык мөөнөттө Кыргыз элинин даңазалуу уулу Бишкек Баатырдын 310 жылдыгына арналган иш-чараларды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин түзүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин долбоорун киргизүү жана тиешелүү иш-чаралар планын иштеп чыгуу сунушталсын.

3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана региондук мониторинг бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

Ө.Бабанов
