# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-апрелиндеги № 159-б (Кыргыз ССРнин эл артисти, залкар комузчу Карамолдо Орозовдун туулган күнүнүн 130 жылдыгына арналган иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-апрелиндеги № 159-б (Кыргыз ССРнин эл артисти, залкар комузчу Карамолдо Орозовдун туулган күнүнүн 130 жылдыгына арналган иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 159-р
- Кабыл алынган күнү: 30.04.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.04.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/209535>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-9885/edition/529819/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/209535.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.04.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-апрелиндеги № 159-б (Кыргыз ССРнин эл артисти, залкар комузчу Карамолдо Орозовдун туулган күнүнүн 130 жылдыгына арналган иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча) буйругу (30.04.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/209535

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2012-жылдын 30-апрели № 159-б Кыргыз ССРнин эл артисти, залкар комузчу Карамолдо (Токтомамбет) Орозовдун туулган күнүнүн 130 жылдыгына арналган иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү максатында:

1. Уюштуруу комитети төмөнкү курамда түзүлсүн:

Асымбекова Г.Ү.

\-

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, уюштуруу комитетинин төрагасы;

Жунусов И.К.

\-

Кыргыз Республикасынын маданият жана туризм министри, уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары.

Уюштуруу комитетинин мүчөлөрү:

Алагушев Б.А.

\-

Кыргыз Республикасынын эл артисти (макулдашуу боюнча);

Асанакунов М.А.

\-

Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;

Жакиев Б.Ж.

\-

Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу (макулдашуу боюнча);

Керексизов Т.Ж.

\-

коомдук ишмер (макулдашуу боюнча);

Карамолдоева Ж.

\-

Карамолдо Орозовдун кызы (макулдашуу боюнча);

Омүркулов И.Ш.

\-

Бишкек шаарынын мэри (макулдашуу боюнча);

Осмоналиев К.О.

\-

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Билим берүү, илим жана маданият боюнча комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);

Оторбаев К.Т.

\-

Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча);

Осмонов К.А.

\-

Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин искусствону өнүктүрүү боюнча башкармалыгынын начальниги, уюштуруу комитетинин жооптуу катчысы;

Султанбаева А.Ж.

\-

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнүн маданият, туризм жана спорт секторунун эксперти;

Үсөнбаев М.А.

\-

Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын башкы директору;

Чокиев Т.А.

\-

Кыргыз Республикасынын Композиторлор союзунун төрагасы (макулдашуу боюнча);

Чорчоев Т.

\-

коомдук ишмер (макулдашуу боюнча).

2. Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлиги эки жумалык мөөнөттө юбилейлик иш-чаранын планынын долбоорун иштеп чыксын жана уюштуруу комитетинин бекитүүсүнө киргизсин.

3. Юбилейлик иш-чараны өткөрүү менен байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-январындагы № 18-б буйругунун 2-пунктунда көрсөтүлгөн булактардын эсебинен жүргүзүлсүн.

4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

Ө.Бабанов
