# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-апрелиндеги № 136-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-апрелиндеги № 94-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-апрелиндеги № 136-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-апрелиндеги № 94-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 136-р
- Кабыл алынган күнү: 10.04.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.04.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/209512>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-9864/edition/529771/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/209512.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.04.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-апрелиндеги № 136-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-апрелиндеги № 94-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү боюнча) буйругу (10.04.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/209512

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2012-жылдын 10-апрели № 136-б Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 23-декабрындагы № 1452-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жобосун жана түзүмүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы № 338 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмү өзгөргөндүгүнө байланыштуу: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-апрелиндеги № 94-б буйругуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:

"1. Финансылык программалоо боюнча техникалык топ төмөнкү курамда түзүлсүн:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн божомолдоо жана талдоо секторунун башчысы, топтун жетекчиси;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы бөлүмүнүн эксперти;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн божомолдоо жана талдоо секторунун эксперттери (2 адам);

- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин бюджеттик саясат башкы башкармалыгынын начальнигинин орун басары;

- Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин макроэкономикалык саясат башкармалыгынын начальниги;

- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджеттик башкармалыгынын начальниги;

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын экономикалык башкармалыгынын начальниги (макулдашуу боюнча);

- Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин жыйынтыктоо иштери жана маалымат бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);

- Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин жыйынтыктоо иштери жана маалымат бөлүмүнүн башкы адиси (макулдашуу боюнча).";

- 3-пункттагы "экономикалык тескөө" деген сөздөр "экономика жана монополияга каршы саясат" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 4-пункттагы "стратегиялык өнүгүү" деген сөздөр "инвестициялар" деген сөзгө алмаштырылсын.

Премьер-министр

Ө.Бабанов
