Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү боюнча) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2012-жылдын 10-апрели № 136-б Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 23-декабрындагы № 1452-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жобосун жана түзүмүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы № 338 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмү өзгөргөндүгүнө байланыштуу: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-апрелиндеги № 94-б буйругуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"1. Финансылык программалоо боюнча техникалык топ төмөнкү курамда түзүлсүн:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн божомолдоо жана талдоо секторунун башчысы, топтун жетекчиси;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы бөлүмүнүн эксперти;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн божомолдоо жана талдоо секторунун эксперттери (2 адам);
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин бюджеттик саясат башкы башкармалыгынын начальнигинин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин макроэкономикалык саясат башкармалыгынын начальниги;
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджеттик башкармалыгынын начальниги;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын экономикалык башкармалыгынын начальниги (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин жыйынтыктоо иштери жана маалымат бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);
- Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин жыйынтыктоо иштери жана маалымат бөлүмүнүн башкы адиси (макулдашуу боюнча).";
- 3-пункттагы "экономикалык тескөө" деген сөздөр "экономика жана монополияга каршы саясат" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 4-пункттагы "стратегиялык өнүгүү" деген сөздөр "инвестициялар" деген сөзгө алмаштырылсын.
Премьер-министр
Ө.Бабанов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-мартындагы № 151-т "Кыргыз Республикасынын орто мөөнөттүү мезгилге бирдиктүү жана макулдашылган макроэкономикалык болжолун даярдоо"…Распоряжение · 28.03.2022 · № 151-р
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-апрелиндеги № 94-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңешти аналитикалык…Распоряжение · 04.04.2011 · № 94-р
Шилтеме берет (4)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-апрелиндеги № 94-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңешти аналитикалык…Распоряжение · 04.04.2011 · № 94-р
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы №338 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жобосун жана түзүмүн бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 24.12.2010 · № 338 · Күчүн жоготкон
- 2011-жылдын 23-декабры №1452-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" токтомуПостановление · 23.12.2011 · № 1452-V · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 11-январындагы №9 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-декабрындагы № 338 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жобосун жана түзүмүн…Постановление · 11.01.2012 · № 9 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.