# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-апрелиндеги № 129-б (Займ алуучулар-күрөө берүүчүлөр жана коммерциялык банктар, банктык эмес финансы-кредиттик мекемелердин ортосундагы маселелерди жөнгө салуу боюнча комиссия түзүлүшү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-апрелиндеги № 129-б (Займ алуучулар-күрөө берүүчүлөр жана коммерциялык банктар, банктык эмес финансы-кредиттик мекемелердин ортосундагы маселелерди жөнгө салуу боюнча комиссия түзүлүшү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 129-р
- Кабыл алынган күнү: 04.04.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.02.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/209505>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-9857/edition/700291/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/209505.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.02.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-апрелиндеги № 129-б (Займ алуучулар-күрөө берүүчүлөр жана коммерциялык банктар, банктык эмес финансы-кредиттик мекемелердин ортосундагы маселелерди жөнгө салуу боюнча комиссия түзүлүшү боюнча) буйругу (10.02.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/209505

---

КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 10-февралындагы № 50-б буйругуна ылайык күчүн жоготту

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2012-жылдын 4-апрели № 129-б (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-декабрындагы № 599-б, 2012-жылдын 29-декабры № 607-б буйруктарынын редакцияларына ылайык) 2010-жылдын апрель жана июнь окуяларынын кесепетинен жабыр тарткан займ алуучулар-күрөө берүүчүлөр жана коммерциялык банктар, банктык эмес финансы-кредиттик мекемелердин ортосундагы маселелерди жөнгө салуу максатында:

1. Займ алуучулар-күрөө берүүчүлөр жана коммерциялык банктар, банктык эмес финансы-кредиттик мекемелердин ортосундагы маселелерди жөнгө салуу боюнча комиссия (мындан ары - Комиссия) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.

2. Комиссия бир айлык мөөнөттө:

- 2010-жылдын апрель жана июнь окуяларынын кесепетинен жабыр тарткан займ алуучулар-күрөө берүүчүлөр жана коммерциялык банктар, банктык эмес финансы-кредиттик мекемелер менен түзүлгөн кырдаалды талдап чыксын;

- жабыр тарткан займ алуучулар-күрөө берүүчүлөр жана коммерциялык банктар, банктык эмес финансы-кредиттик мекемелер көтөргөн маселелерди жөнгө салуу боюнча конкреттүү чараларды иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.

3. Комиссиянын Секретариаты болуп Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги аныкталсын.

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-декабрындагы № 599-б буйругунун редакциясына ылайык)

4. Комиссия зарыл болгон учурда министрликтердин, администрациялык ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын адистерин ишке тартууга укук берилсин.

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-декабрындагы № 599-б буйругунун редакциясына ылайык)

5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министрине жүктөлсүн.

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-декабрындагы № 599-б буйругунун редакциясына ылайык)

Премьер-министр

Ө.Бабанов

Тиркеме

Зайым алуучулардын, күрөө берүүчүлөрдүн жана коммерциялык банктардын, банктык эмес финансы-кредиттик мекемелердин ортосундагы маселелерди жөнгө салуу боюнча комиссиянын Курамы (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-декабрындагы № 599-б, 2012-жылдын 29-декабры № 607-б буйруктарынын редакцияларына ылайык) Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, Комиссиянын төрагасы; Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары, Комиссиянын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча). Комиссия мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын юстиция министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин мүчөсү (макулдашуу боюнча); "Кыргызстандын Банктар союзунун" президенти (макулдашуу боюнча); "Чакан финансылык уюмдардын ассоциациясы" юридикалык жактардын бирикмесинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча); "Адилетке жол" коомдук бирикмесинин юристи (макулдашуу боюнча); "Жалал-Абад колдоо" коомдук бирикмесинин төрагасы (макулдашуу боюнча).
