# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-ноябрындагы № 541-б ("Манас Банк" жабык акционердик коому жөнүндө эксперттик корутундуну берүү жөнүндө келишимди түзүү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-ноябрындагы № 541-б ("Манас Банк" жабык акционердик коому жөнүндө эксперттик корутундуну берүү жөнүндө келишимди түзүү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 541-р
- Кабыл алынган күнү: 20.11.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.11.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/209479>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-9831/edition/530841/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/209479.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.11.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-ноябрындагы № 541-б ("Манас Банк" жабык акционердик коому жөнүндө эксперттик корутундуну берүү жөнүндө келишимди түзүү боюнча) буйругу (20.11.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/209479

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2012-жылдын 20-ноябры № 541-б "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

- бир жумалык мөөнөттө "Ист Стар Капитал" көз карандысыз компаниясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзсүн жана "Манас Банк" жабык акционердик коому жөнүндө эксперттик корутундуну (финансылык отчеттуулукту жана аудитордук корутундуларды талдоо, банктык эсептерди жана алар боюнча коммерциялык операцияларды талдоо, кредиттик портфелди талдоо, депозиттик эсептердеги каражаттарды жана алардын келип чыгышын талдоо ж.б.) берүү жөнүндө келишимди түзсүн;

- "Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджети жана 2013-2014-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында "Ист Стар Капитал" компаниясынын эксперттик корутундуну берүү боюнча кызматтарына акы төлөөгө финансылык каражаттарды карасын;

- эксперттик корутундуну берүү жөнүндө түзүлгөн келишимге ылайык "Ист Стар Капитал" компаниясына 26630 "Соттун чечимдерин жана башка соттук жол-жоболорду аткаруу" беренеси боюнча төлөөнү жүргүзсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына "Ист Стар Капитал" компаниясына зарыл болгон маалыматтарды алуу үчүн ар тараптуу көмөк көрсөтүү сунушталсын.

3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнө, финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев
