Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү үчүн зарыл болгон товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу тууралуу) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2012-жылдын 3-ноябры № 532-б Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 24-сентябрындагы № 204 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоолорду дайындоо жөнүндө" Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү үчүн зарыл болгон товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесине ылайык бир булактан алуу ыкмасы менен сатып алууга уруксат берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын бюджетинде каралган каражаттардын чегинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын билдирмесине ылайык республикалык бюджеттен өз учурунда каржылоону камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жүргүзүлгөн сатып алуулардын жыйынтыгы боюнча маалымат жана отчет берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине тиешелүү маалымат берсин.
4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу, финансы жана кредит саясаты бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри
Ж.Сатыбалдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөЗакон · 24.05.2004 · № 69 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2012-жылдын 24-сентябрындагы ПЖ №204 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоолорду дайындоо жөнүндө" жарлыгыУказ · 24.09.2012 · № 204 · Күчүн жоготкон