# КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-февралындагы № 57-б (Технологиядагы жабдууларды монтаждоо, ошондой эле ишке берүү-жөнгө салуу иштери үчүн Кыргыз Республикасына иш сапарга жиберилген Кытай Эл Республикасынын жарандарына уруксат алуудан бошотуучу маалымкат берүүсү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-февралындагы № 57-б (Технологиядагы жабдууларды монтаждоо, ошондой эле ишке берүү-жөнгө салуу иштери үчүн Кыргыз Республикасына иш сапарга жиберилген Кытай Эл Республикасынын жарандарына уруксат алуудан бошотуучу маалымкат берүүсү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 57-р
- Кабыл алынган күнү: 26.02.2013
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.05.2013
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/209459>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-9811/edition/530634/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/209459.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.05.2013 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-февралындагы № 57-б (Технологиядагы жабдууларды монтаждоо, ошондой эле ишке берүү-жөнгө салуу иштери үчүн Кыргыз Республикасына иш сапарга жиберилген Кытай Эл Республикасынын жарандарына уруксат алуудан бошотуучу маалымкат берүүсү боюнча) буйругу (03.05.2013 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/209459

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2013-жылдын 26-февралы № 57-б (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 161-б буйругунун редакциясына ылайык) "Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 8-сентябрындагы № 639 "Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын эмгек ишмердигин жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөлөрдө жумушка орноштуруу боюнча иштерди жүзөгө ашыруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна ылайык, Чүй облусундагы Жайыл районунун Кара-Балта шаарындагы мунай затты кайра иштетүүчү заводдун курулушун аяктоо жана ишке киргизүү максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги:

- 2013-жылы жогорку технологиядагы жабдууларды монтаждоо (шеф-монтаждоо), ошондой эле ишке берүү-жөнгө салуу иштери үчүн Кыргыз Республикасына иш сапарга жиберилген Кытай Эл Республикасынын жарандарына (970 адам) иштегенге уруксат алуудан бошотуучу маалымкат берсин;

- маалымкатты "Чайна Петроль Компани "Джунда" жоопкерчилиги чектелген коомунун билдирмесинин негизинде жана жогорку технологиядагы жабдуулардын келүү графигине ылайык арыз түшкөн күндөн тартып 20 календардык күндүн ичинде берсин.

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 161-б буйругунун редакциясына ылайык)

2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 161-б буйругунун редакциясына ылайык)

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев
