# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-октябрындагы № 509-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 13-июлундагы № 344-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-октябрындагы № 509-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 13-июлундагы № 344-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 509-р
- Кабыл алынган күнү: 22.10.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.10.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/209450>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-9802/edition/530615/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/209450.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.10.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-октябрындагы № 509-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 13-июлундагы № 344-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу) буйругу (22.10.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/209450

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2012-жылдын 22-октябры № 509-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 13-июлундагы № 344-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 1-тиркемеде:

биринчи абзацындагы "Асымбекова Г.У." деген сөздөр "Талиева К.А." деген сөздөргө алмаштырылсын; бешинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин: "Кожошев А.О. - Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары;"; жетинчи абзацындагы "Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрация башчысы - губернатор;" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү;" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 2-тиркемеде:

6-пунктту күчүн жоготту деп табылсын; 8-пунктундагы "Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Жолголот айылына" деген сөздөр "Бишкек шаарындагы № 3 кесиптик лицейдин аймагына" деген сөздөргө алмаштырылсын.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев
