# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 19-октябрындагы № 507-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-июлундагы № 349-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 19-октябрындагы № 507-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-июлундагы № 349-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 507-р
- Кабыл алынган күнү: 19.10.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.10.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/209448>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-9800/edition/530423/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/209448.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.10.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 19-октябрындагы № 507-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-июлундагы № 349-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү боюнча) буйругу (19.10.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/209448

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2012-жылдын 19-октябры № 507-б Мамлекеттик материалдык резервде аштык буудайды өз убагында жаңылоо жана республиканын дан азыктар рыногунда азык-түлүктүк интервенция жүргүзүү үчүн иштетилген унду сатуу максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-июлундагы № 349-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1-пунктунда:

- 3-абзацындагы «Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги тарабынан белгиленген баа боюнча» деген сөздөр «Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги тарабынан белгиленген баа боюнча интервенция жүргүзүү үчүн» деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 7 жана 8-абзацтары төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

«- унду сатуудан түшкөн акча каражатты 2011-2012-жылдардын түшүмүнөн алынган аштык буудайды сатып алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун депозиттик эсебине которсун»; «- брондон чыгарылган аштык буудайды жана унду ташуу, ошондой эле унду сатуу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Мыйзамынын 38-беренесине ылайык бир булактан алуу ыкмасы менен сатып алсын.»;

- 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

«4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

- аштык буудайды жана унду ташууга, буудайды иштетүүгө, ошондой эле унду сатууга байланышкан чыгымдарды жабуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна 2012-жылга каралган бюджеттик каражаттын чегинде акча каражат бөлсүн;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду үчүн депозиттик эсеп ачсын.».

2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана экология бөлүмүнө тапшырылсын.

Премьер-министр

Ж. Сатыбалдиев
