# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 19-октябрындагы № 506-б (Скважиналарды бургулоо боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 19-октябрындагы № 506-б (Скважиналарды бургулоо боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 506-р
- Кабыл алынган күнү: 19.10.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.10.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/209447>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-9799/edition/530421/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/209447.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.10.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 19-октябрындагы № 506-б (Скважиналарды бургулоо боюнча) буйругу (19.10.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/209447

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2012-жылдын 19-октябры № 506-б Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 60 жана 74-беренелерине ылайык, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Темир айыл аймагынын (мындан ары - Темир айыл аймагы) тургундарынын социалдык маселелерин чечүү жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы (Дүйнөлүк банк) каржылап жана Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги ишке ашырып жаткан Айылды суу менен камсыздоо жана санитария экинчи долбоорун ишке ашыруу максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясына Темир айыл аймагынын чөлкөмүндө 0,36 га аянттагы жер участокто Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы (Дүйнөлүк банк) каржылап жана Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги ишке ашырып жаткан Айылды суу менен камсыздоо жана санитария экинчи долбоору боюнча скважиналарды бургулоого, гидротехникалык курулма - скважина жасоого уруксат берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жерди эсепке алуу документтерине ушул буйруктун 1-пунктунан келип чыгуучу тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.

Премьер-министр

Ж. Сатыбалдиев
