Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругуна өзгөртүү киргизүү тууралуу) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2012-жылдын 16-октябры № 500-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 13-июлундагы № 260-б буйругуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин: жогоруда аталган буйруктун тиркемеси ушул буйруктун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.
Премьер-министр
Ж. Сатыбалдиев
Тиркеме
Айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүүгө бөлүнгөн товардык кредиттерди бөлүштүрүү боюнча мамлекеттик республикалык комиссиянын Курамы
Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министри, комиссиянын төрагасы; Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин статс-катчысы, комиссиянын төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондунун директору, комиссиянын төрагасынын орун басары.
Комиссия мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин коррупцияга каршы күрөшүү боюнча башкармалыгынын начальниги; «Айыл Банк» ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин атаандаштыкты өнүктүрүү департаментинин директору; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун директорунун орун басары; Кыргызстандын Үрөнчүлүк ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча).
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.