# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-октябрындагы № 496-б (Мамлекеттик ишканасына жүгүртүү каражаттарын түзүү үчүн 20 (жыйырма) миллион сомду Бажы кызматын өнүктүрүү фондусунун каражаттарынан кайтарымдуу негизде бөлүп берүү тууралуу) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-октябрындагы № 496-б (Мамлекеттик ишканасына жүгүртүү каражаттарын түзүү үчүн 20 (жыйырма) миллион сомду Бажы кызматын өнүктүрүү фондусунун каражаттарынан кайтарымдуу негизде бөлүп берүү тууралуу) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 496-р
- Кабыл алынган күнү: 12.10.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.10.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/209438>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-9790/edition/530341/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/209438.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.10.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-октябрындагы № 496-б (Мамлекеттик ишканасына жүгүртүү каражаттарын түзүү үчүн 20 (жыйырма) миллион сомду Бажы кызматын өнүктүрүү фондусунун каражаттарынан кайтарымдуу негизде бөлүп берүү тууралуу) буйругу (12.10.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/209438

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2012-жылдын 12-октябры № 496-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 6-апрелиндеги № 234 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы «Бажы инфраструктурасы» мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө» токтомунун 3-пунктуна ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы «Бажы инфраструктурасы» мамлекеттик ишканасына жүгүртүү каражаттарын түзүү үчүн 20 (жыйырма) миллион сомду Бажы кызматын өнүктүрүү фондусунун каражаттарынан кайтарымдуу негизде бөлүп берсин.

2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

Ж. Сатыбалдиев
