# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-октябрындагы № 487-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-августундагы № 326-р буйругуна өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-октябрындагы № 487-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-августундагы № 326-р буйругуна өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 487-р
- Кабыл алынган күнү: 09.10.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.12.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/209431>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-9783/edition/530329/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/209431.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.12.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-октябрындагы № 487-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-августундагы № 326-р буйругуна өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү) буйругу (06.12.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/209431

---

КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-декабрындагы № 781-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2012-жылдын 9-октябры № 487-б

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 2-августундагы № 326-р буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

1-пунктун экинчи абзацы төмөндөгүдөй редакцияда берилсин: "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары рангындагы коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы, Ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы;"; 2-пункту төмөнкү мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын: "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу баңги заттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын башкы ыкчам издөө башкармалыгынын начальнигинин орун басары;"; жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасында мамлекеттик чек комплекстүү башкаруу тутумун иштеп чыгуу жана ишке киргизүү боюнча Улуттук координациялык борбору жөнүндө жободо:

- 3-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"УКБнын курамын Кыргыз Республикасынын Премьер-министри бекитет.".

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев
