# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-октябрындагы № 485-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 14-июлундагы № 279-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-октябрындагы № 485-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 14-июлундагы № 279-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 485-р
- Кабыл алынган күнү: 09.10.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.10.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/209429>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-9781/edition/530045/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/209429.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.10.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-октябрындагы № 485-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 14-июлундагы № 279-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү боюнча) буйругу (09.10.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/209429

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2012-жылдын 9-октябры № 485-б Курман болгондордун үй-бүлөлөрүн, майып болгон, ошондой эле ок тийип жарадар болуунун же денесинен жаракат алуунун айынан жабырлануучу деп белгиленген тартипте таанылган адамдарды турак-жай менен камсыз кылуу максатында: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 14-июлундагы № 279-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- преамбуладагы "курман болгондордун жана майып болгондордун үй-бүлөлөрү үчүн турак жай курууну каржылоону" деген сөздөр "курман болгондордун үй-бүлөлөрүн, майып болгон, ошондой эле ок тийип жарадар болуунун же денесинен жаракат алуунун айынан жабырлануучу деп белгиленген тартипте таанылган адамдарды турак-жай менен" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 2-пункттагы "курман болгондордун жана майып болгондордун үй-бүлөлөрү үчүн муниципалдык турак жай куруу" деген сөздөр "курман болгондордун үй-бүлөлөрүн, майып болгон, ошондой эле ок тийип жарадар болуунун же денесинен жаракат алуунун айынан жабырлануучу деп белгиленген тартипте таанылган адамдарды турак-жай менен камсыз кылуу" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев
