# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 5-октябрындагы № 482-б ("Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасына финансылык жардам көрсөтүү) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 5-октябрындагы № 482-б ("Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасына финансылык жардам көрсөтүү) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 482-р
- Кабыл алынган күнү: 05.10.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.12.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/209426>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-9778/edition/600840/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/209426.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.12.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 5-октябрындагы № 482-б ("Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасына финансылык жардам көрсөтүү) буйругу (16.12.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/209426

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2012-жылдын 5-октябры № 482-б (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-декабрындагы № 504-б, 2014-жылдын 19-мартындагы № 99-б, 2014-жылдын 16-декабрындагы № 573-б буйрукатарынын редакцияларына ылайык) Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасына 2012/2013-жылдагы жылытуу мезгилине даярдык көрүү үчүн финансылык жардам көрсөтүү максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

- Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасына 200,0 (эки жүз) млн. сом өлчөмүндөгү бюджеттик ссуда берсин;

- бюджеттик ссуданы кайтарып берүүнүн шарттары боюнча карыздык милдеттенме боюнча келишимди аталган мамлекеттик ишкана менен белгиленген тартипте түзсүн;

- бюджеттик ссуданы берүүнүн төмөнкү шарттарын аныктасын;

бюджеттик ссуданы тындыруу мөөнөтү 2013-жылдын 1-июлу жана 2015-жылдын30-апрели, 100,0 миң (жүз) млн. сомдон, тең үлүштөр менен; ссуда пайызы жок, күрөөлүк камсыздоо таризделбейт; төлөмдөрдүн мөөнөтүн өткөргөндүгү үчүн айыптык санкциялар мөөнөтүн өткөргөн карыздын суммасынан жылдык 6 пайыз өлчөмүндө;

- "Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджети жана 2013-2014-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тиешелүү өзгөртүүлөрдү белгиленген тартипте киргизсин.

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-декабрындагы № 504-б, 2014-жылдын 19-мартындагы № 99-б, 2014-жылдын 16-декабрындагы № 573-б буйрукатарынын редакцияларына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасы:

- бюджеттен алынган 200,0 (эки жүз) млн. сом өлчөмүндөгү каражаттарды электр энергиясы, мазут жана газ үчүн кредитордук карызды тындырууга, максаттык арналышы боюнча жумшасын;

- жогоруда аталган ссуданы ушул буйруктун 1-пунктуна ылайык кайтарып берүүнү камсыз кылсын.

3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай отун энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев
