Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн (2012-жылга карата аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын ишинин натыйжалуулугун баалоо үчүн базалык көрсөткүчтөрдүн салмагынын жана сандык маанисинин тизмесин бекитүү) буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Распоряжение Кабинета Министров КР от 28 июня 2024 года № 383-р (О признании утратившими силу распоряжений Правительства Кыргызской Республики, Кабинета Министров Кыргызской Республики)» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2024-06-28.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-июнундагы № 383-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2012-жылдын 1-октябры № 474-б (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-апрелиндеги № 126-б буйругунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-февралындагы № 105 «Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарымын ишинин натыйжалуулугун баалоо жөнүндө» токтомуна ылайык:
1. (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-апрелиндеги № 126-б буйругуна ылайык күчүн жоготту)
2. (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-апрелиндеги № 126-б буйругуна ылайык күчүн жоготту)
3. Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары жана Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары ишинин натыйжалуулугун баалоо үчүн отчеттук мезгилдеги иш жүзүндө жетишилген көрсөткүчтөрдүн маанилери жөнүндө баяндамаларды квартал сайын Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине отчеттук кварталдан кийинки айдын 25ине чейин берип турушсун.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары отчеттук мезгилде иш жүзүндө жетишилген көрсөткүчтөрдүн маанилери жөнүндө баяндамаларды квартал сайын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигине отчеттук кварталдан кийинки айдын 25ине чейин берип турушсун.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын жана Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын ишинин натыйжалуулугун баалоо жөнүндө маалыматты квартал сайын Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине отчеттук кварталдан кийинки айдын 27ине чейин берип турсун.
6. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги квартал сайын, отчеттук кварталдан кийинки экинчи айдын 10уна чейинки мөөнөттө отчеттук мезгилде иш жүзүндө жетишилген көрсөткүчтөрдүн маанилери жөнүндө жыйынды маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берип турсун.
7. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
Ж. Сатыбалдиев
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-октябрындагы № 474-б буйругу менен бекитилген
2012-жылга карата аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын ишинин натыйжалуулугун баалоо үчүн базалык көрсөткүчтөрдүн салмагынын жана сандык маанисинин Тизмеси (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-апрелиндеги № 126-б буйругуна ылайык күчүн жоготту)
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-апрелиндеги № 126-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-майындагы № 201-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү боюнча) буйругуРаспоряжение · 18.04.2014 · № 126-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-июнундагы № 383-т (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйруктары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин…Распоряжение · 28.06.2024 · № 383-р
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-апрелиндеги №126-б буйругуРаспоряжение · 18.04.2014 · № 126-б
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 14-апрелиндеги № 126 буйругуРаспоряжение · 18.04.2014 · № 126
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-апрелиндеги № 126-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-майындагы № 201-б буйругуна өзгөртүүлөр киргизүү боюнча) буйругуРаспоряжение · 18.04.2014 · № 126-р
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-июнундагы № 383-т (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйруктары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин…Распоряжение · 28.06.2024 · № 383-р
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 17-февралындагы №105 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин…Постановление · 17.02.2012 · № 105 · Күчүн жоготкон