# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-октябрындагы № 473-б (Айыл чарбалык эмес муктаждыктар үчүн айыл чарба жерлерин берүү менен байланышкан айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу боюнча акча каражаттарын бөлүү) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-октябрындагы № 473-б (Айыл чарбалык эмес муктаждыктар үчүн айыл чарба жерлерин берүү менен байланышкан айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу боюнча акча каражаттарын бөлүү) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 473-р
- Кабыл алынган күнү: 01.10.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 01.10.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/209417>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-9769/edition/529976/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/209417.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.10.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-октябрындагы № 473-б (Айыл чарбалык эмес муктаждыктар үчүн айыл чарба жерлерин берүү менен байланышкан айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу боюнча акча каражаттарын бөлүү) буйругу (01.10.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/209417

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2012-жылдын 1-октябры № 473-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 14-февралындагы № 66 «Айыл чарбалык эмес муктаждыктар үчүн айыл чарба жерлерин берүү менен байланышкан айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу наркынын нормативдерин бекитүү жөнүндө» токтомуна ылайык, республиканын коллектордук-дренаждык системасын калыбына келтирүү боюнча иштерди жүргүзүү максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы айыл чарбалык эмес муктаждыктар үчүн айыл чарба жерлерин берүү менен байланышкан айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу боюнча акча каражаттарын топтоо эсебинен Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментине 30 000 000 (отуз миллион) сом бөлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департамента 2012-жылы коллектордук-дренаждык тармакты оңдоо-калыбына келтирүү иштерин 30 000 000 (отуз миллион) сом жалпы суммасына жүргүзсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги «2012-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджета жана 2013-2014-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын чыгымдар сметасында кошумча финансы каражаттары бөлүнгөнүн эске алсын.

4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

Ж. Сатыбалдиев
