# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-сентябрындагы № 463-б (Ведомстволор аралык жумушчу комиссия түзүү) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-сентябрындагы № 463-б (Ведомстволор аралык жумушчу комиссия түзүү) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 463-р
- Кабыл алынган күнү: 25.09.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.09.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/209409>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-9761/edition/529740/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/209409.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.09.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-сентябрындагы № 463-б (Ведомстволор аралык жумушчу комиссия түзүү) буйругу (25.09.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/209409

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2012-жылдын 25-сентябры № 463-б Кыргыз Республикасында БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өкүлдөрүнүн катышуусунда мектептик тамактанууну уюштуруунун пилоттук моделин иштеп чыгуу максатында:

1. Төмөнкү курамда ведомстволор аралык жумушчу комиссия (мындан ары - жумушчу комиссия) түзүлсүн:

Талиева К.А.

- Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, жумушчу комиссиянын төрагасы;

Кендирбаева Д.Ш.

- Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары, жумушчу комиссиянын төрагасынын орун басары;

Баймурзаев М.А.

- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин финансылык талдоонун бюджеттик саясаты башкармалыгынын начальниги;

Үсөналиев М.Ж.

- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки, мектептик жана мектептен тышкары билим берүү башкармалыгынын начальниги;

Жумалиев А.Т.

- Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары;

Базарбаев Т.Р.

- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин техникалык жөнгө салуу бөлүмүнүн начальниги;

Кыдыралиев З.Т.

- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин бюджеттер аралык мамилелер башкы башкармалыгынын начальниги;

Абарбекова А.М.

- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин социалдык чөйрөнүн чыгымдарын пландоо башкармалыгынын начальниги;

Жапаркулова М.К.

- Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин балдарды социалдык коргоо боюнча башкармалыгынын начальниги;

Франк Н.С.

- Кыргыз Республикасында БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын жетекчиси (макулдашуу боюнча);

Мамырбаева Т.Т.

- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Энени жана баланы коргоонун улуттук борборунун илимий иштер боюнча директорунун орун басары;

Сыдыканов А.С.

- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо бөлүмүнүн башчысы;

Давыдова Л.Н.

- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин ооруларды алдын алуу жана экспертизалоо департаментинин директорунун орун басары;

Кушубакова М.Ы.

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санитариялык, ветеринариялык жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын санитардык көзөмөлдөө бөлүмүнүн башкы адиси;

Сатыбалдиева А.Х.

- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин талдоо, болжолдоо жана азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн башкы адиси;

Жусупова А.

- Кыргыз Республикасында БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын программалык маселелер боюнча адиси (макулдашуу боюнча);

Осмоналиев Р.А.

- Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы Социалдык тамактануу департаментинин директору (макулдашуу боюнча);

Погосян А.

- Кыргыз Республикасында БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) билим берүү маселелери боюнча координатору (макулдашуу боюнча).

2. Ведомстволор аралык жумушчу топ:

- башталгыч класстардын окуучуларынын тамактануусун уюштурууну жакшыртууга багытталган долбоорду пландоо боюнча Кыргыз Республикасында БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын техникалык адистеринин миссиясына көмөк көрсөтсүн;

- Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү мектептеринде мектептик тамактанууну уюштуруунун пилоттук моделин иштеп чыгуунун жана киргизүүнүн жыйынтыктарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.

Премьер-министр

Ж. Сатыбалдиев
