# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-сентябры № 461-б (Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн курамын бекитүү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-сентябры № 461-б (Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн курамын бекитүү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 461-р
- Кабыл алынган күнү: 20.09.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.06.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/209407>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-9759/edition/529643/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/209407.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-сентябры № 461-б (Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн курамын бекитүү боюнча) буйругу (28.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/209407

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-июнундагы № 383-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2012-жылдын 20-сентябры № 461-б Цюрих шаарында (Швейцария Конфедерациясы) 2012-жылдын 25-26-сентябрында болуучу Соода-экономикалык кызматташуу боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык кыргыз-швейцария комиссиясынын (мындан ары - комиссия) үчүнчү жыйынын ишине катышуу үчүн:

1.Комиссиянын кыргыз бөлүгү төмөнкү курамда бекитилсин:

Лаврова Ольга Владимировна

- Кыргыз Республикасынын финансы министри - Комиссиянын - кыргыз бөлүгүнүн төрагасы;

Нарбаев Каныбек Жайчиевич

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун милдетин аткаруучу;

Искакова Гүлнара Тентиевна

- Кыргыз Республикасынын Швейцариядагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу элчиси, Кыргыз Республикасынын БУУдагы жана Женева шаарындагы башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү;

Кенжебаев Дыйканбай Бакашевич

- Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары;

Абдыкаимов Октябрь Абдыкаимович

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары;

Мурзаев Кубат Садырбекович

- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Мамлекеттик инвестициялар жана техникалык жардам башкы башкармалыгынын начальниги;

Тыналиев Шайкидин Султанидинович

- «Бишкек машина куруу заводу» ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);

Баетов Аяз Батыркулович

- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Батыш өлкөлөр департаментинин үчүнчү катчысы;

Тургунбаева Асел Абдыракмановна

- Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Тышкы байланыштар жана интеграциялык бирикмелер башкармалыгынын начальнигинин орун басары - Комиссиянын катчысы.

2. Комиссиянын кыргыз бөлүгүнүн төрагасына белгиленген тартипте республиканын министрликтеринин, административдик ведомстволорунун, ишканаларынын жана уюмдарынын жетекчилерин жана адистерин алардын компетенциясына кирген маселелерди чечүү үчүн ишке тартууга укук берилсин.

3. «Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-швейцария комиссиясынын экинчи жыйынын кыргыз бөлүгүн бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-майындагы № 252-б буйругу күчүн жоготту деп табылсын.

4. Кыргыз Республикасынын делегациясынын Цюрих шаарына (Швейцария Конфедерациясы) баруусуна байланыштуу чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 «Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө» токтомуна ылайык командировкага жиберүүчү уюмдардын эсебинен жүргүзүлсүн.

Премьер-министр

Ж. Сатыбалдиев
