Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Долбоорлор жактыруу тууралуу) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2012-жылдын 20-сентябры № 460-б Нарын дарыясынын гидроэнергетикалык ресурстарын өздөштүрүү. энергиялык коопсуздукту камсыздоо, электр энергиясына карата өсүп жаткан керектөөнү жабуу, экспорттук кубаттуулукту арттыруу максатында, ошондой эле энергетикалык тармакты өнүктүрүүнүн келечектүүлүгүн жана Кыргыз Республикасынын гидроэнергетикалык комплексин өнүктүрүүгө түз инвестицияларды тартуу зарылдыгын эске алып:
1. Тиркелген долбоорлор жактырылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жогорку-Нарын ГЭСтер каскадын куруу жана эксплуатациялоо жөнүндө макулдашуу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу жана эксплуатациялоо жөнүндө макулдашуу.
2. Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министрине бул буйруктун I-пунктунда көрсөтүлгөн макулдашуулардын долбоорлоруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду өзгөртүү киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр
Ж. Сатыбалдиев
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жогорку-Нарын ГЭСтер каскадын куруу жана эксплуатациялоо жөнүндө Макулдашуу
Мындан ары Тараптар деп аталуучу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Россия Федерациясынын Өкмөтү, 1992-жылдын 10-июнундагы Кыргызстан Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Достук, кызматташтык жана өз ара жардам жөнүндө келишиминде жана 2000-жылдын 27-июлундагы Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Түбөлүк достук, Союздаштык жана шериктештик жөнүндө декларацияда бекитилген стратегиялык кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү Тараптардын мамлекеттеринин узак мөөнөттүк кызыкчылыктарын көңүлгө алуу менен, 2008-жылдын - 12-декабрындагы Евразиялык экономикалык шериктештикке мүчө-мамлекеттерде инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо жөнүндө макулдашуунун жоболорун эске алып, электр энергетикасы комплексинде өз ара пайдалуу кызматташтыкты тереңдетүүгө кызыккандыктан улам, төмөндөгүлөр тууралуу макулдашты:
1-берене
Бул Макулдашуунун максаты Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялар каскадынын Акбулуң ГЭСин, Нарын-1 ГЭСин, Нарын-2 ГЭСин жана Нарын-3 ГЭСин куруу жана эксплуатациялоо долбоорун (мындан ары - долбоор) жүзөгө ашыруудагы Тараптардын кызматташтыгынын шарттарын аныктоо болуп саналат.
2-берене
1. Бул Макулдашууну аткарууну координациялоо Тарап мамлекеттеринин төмөндөгү компетенттүү органдары тарабынан жүзөгө ашырылат:
Кыргыз Тараптан - Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги; Россия Тараптан - Россия Федерациясынын Энергетика министрлиги.
2. Компетенттүү органдарды алмаштырган учурда Тараптар бул тууралуу бири бирин дипломатиялык каналдар боюнча кабардар кылышат.
3-берене
1. Бул Макулдашууну жүзөгө ашыруу боюнча Тараптардын ыйгарым укуктуу уюмдары төмөнкүлөр болуп саналат:
Кыргыз Тараптан - «Электр станциялары» ачык акционердик коому; Россия Тараптан - «РусГидро» ачык акционердик коому.
2. Ыйгарым укуктуу уюмдарды алмаштырган учурда Тараптар бул тууралуу бири бирин дипломатиялык каналдар боюнча кабардар кылышат.
4-берене
Долбоорду ишке ашыруу үчүн Тараптардын ыйгарым укуктуу уюмдары бул Макулдашууга кол коюлган күндөн тартып 1 айдан кечиктирбестен, Кыргыз Республикасынын аймагында жана мыйзамдарына ылайык, уставдык капиталдагы үлүштү төмөндөгүдөй бөлүштүрүү менен «Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялары» жабык акционердик коомун уюштурат: «Электр станциялары» ачык акционердик коому - 50 пайыз; «РусГидро» ачык акционердик коому - 50 пайыз
5-берене
Бул Макулдашуунун 1-беренесинде көрсөтүлгөн гидроэлектрстанцияларын куруу мөөнөтү жана ырааттуулугу долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси менен аныкталат. Долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгууну Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ачык сынак өткөрүүнүн (кызматтарды сатып алуу тооругунун) жүрүшүндө аныкталган уюм жүзөгө ашырат. Долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси Россия Тараптын ыйгарым укуктуу уюмунун каражаттарынын эсебинен иштелип чыгат жана Россия Тараптын ыйгарым укуктуу уюмунун «Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялары» жабык акционердик коомунун уставдык капиталына салымы катары киргизилет. Долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин каржылоо жана иштеп чыгуу бул Макулдашууга кол коюлган күндөн тартып 3 айдан кечиктирбестен жүзөгө ашырылышы керек.
6-берене
1. Долбоорду каржылоону камсыздоо жана «Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялары» жабык акционердик коомунун уставдык капиталын калыптандыруу максатында:
Россия Тарап долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси бекитилгенден кийин 3 айдан кечиктирбестен, «Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялары» жабык акционердик коомунун уставдык капиталына Россия Тараптын ыйгарым укуктуу уюмунун салымы катары долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуунун наркы жана долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесинде аныкталган долбоорду жүзөгө ашыруунун наркынын 50 пайызы өлчөмүндөгү акча каражаттарын өзүнүн ыйгарым укуктуу уюмуна берет. Кыргыз Тарап «Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялары» жабык акционердик коомунун уставдык капиталына Кыргыз Тарап өзүнүн ыйгарым укуктуу органынын салымы катары Жогорку-Нарын ГЭС каскадын курууга бөлүнгөн жер участкаларын пайдалануу укугун жана долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси аныктаган долбоорду жүзөгө ашыруунун наркынын 50 пайыз өлчөмүндө башка активдерди, анын ичинде материалдык эмес активдерди берет.
2. Россия Тарап «Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялары» жабык акционердик коомуна долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесине ылайык, долбоорду жүзөгө ашыруунун наркынын 50 пайызы өлчөмүндө, алты айлык аманаттар үчүн LIBOR пайыздык үстөгү менен АКШ долларында, жылдык 1,5 пайызы өлчөмүндө маржага көбөйтүлгөн заем каражаттарды тартууну камсыздайт.
3. Заем берүү жана төлөө шарттары өзүнчө макулдашууда аныкталат.
7-берене
Долбоорду жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Тарап өзүнө төмөндөгү милдеттемелерди алат: «Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялары» жабык акционердик коомуна колдонуудагы, курулуп жаткан жана куруу пландаштырылган тармактык объектилерге тоскоолдуксуз жетүүсүн камсыздоо; долбоорду жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон аймактардан калкты көчүрүүнү жана көрсөтүлгөн аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүшү үчүн зарыл болгон социалдык жана башка инфраструктура элементтерин көчүрүүнү (жаңыларын курууну) камсыздоо; «Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялары» жабык акционердик коомунун объекттери өндүргөн электр энергиясын Кыргыз Республикасынын электр тармактары боюнча үчүнчү мамлекеттерге тоскоолдуксуз экспорттоону суу ресурстарын колдонуу режимине жана электр тармактарынын иштөө режимине ылайык камсыздоо; электр энергиясын экспорттоодо Кыргыз Республикасынын ички рыногу үчүн белгиленген баадан төмөн эмес, эркин бааны калыптандырууну камсыздоо; «Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялары» жабык акционердик коомуна долбоорду ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык зарыл болгон тийиштүү уруксат берүүчү документтерди, лицензияларды берүүгө, ошондой эле өндүрүүнү жүзөгө ашырууга жана электр энергиясын экспорттоону кошуп алганда, электр энергиясын сатууга көмөк көрсөтүү.
8-берене
Россия Тараптын ыйгарым укуктуу уюму «Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялары» жабык акционердик коомунун уставдык капиталына кошкон инвестициялардын кайтарымдуулук мөөнөтүндө, Россия Тарап тарткан заем каражаттарды кайтарууну эске алуу менен, Кыргыз Тарап «Жогорку- Нарын гидроэлектрстанциялары» жабык акционердик коомун мүлк салыгынан жана жер салыгынан бошотот. Бул Макулдашууну жүзөгө ашыруу максатында, Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялар каскадында долбоор алдындагы, долбоордук, курулуш- монтаждоо жана иштетип-жөнгө салуу иштерин аткаруу мезгилинде Тараптар курулуш техникаларын, жабдууларды, механизмдерди, транспорт каражаттарын, курулуш материалдарын, Тарап мамлекеттеринин компетенттүү органдары аныктаган тизме боюнча жана көлөмдө аларды Россия Федерациясынан ташып чыгууда жана Кыргыз Республикасына ташып кирүүдө бажы төлөмдөрүнөн жана салыктардан бошотушат. «Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялары» жабык акционердик коомунун ишине салык салуу шарттарын начарлатууга алып келген, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилген учурда, ага салык салуу бул Макулдашууга кол коюлган күнгө карата колдонулган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат. Бул Макулдашууда Кыргыз Республикасында салык салуунун шарттарынын начарлашы деп, бул Макулдашууга кол коюлган күнгө карата колдонулганга салыштырганда, жаңы салыктарды, жыйымдарды жана алымдарды жана (же) башка ушуга окшош төлөмдөрдү киргизүү (белгилөө), ошондой эле бул Макулдашууга кол коюлган күнгө карата колдонулганга салыштырганда, салыктардын, жыйымдардын жана алымдардын жана (же) башка ушуга окшош төлөмдөрдүн ставкаларын жогорулатуу түшүнүлөт.
9-берене
1. Россия Тараптын ыйгарым укуктуу уюму «Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялары» жабык акционердик коомунун уставдык капиталына кошкон инвестициялардын кайтарымдуулук мөөнөтүндө, Россия Тарап тарткан заем каражаттарды кайтарууну эске алуу менен:
«Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялары» жабык акционердик коомунун директорлор кеңешинин курамына Кыргыз Тараптын ыйгарым укуктуу уюмунан 2 өкүл жана Россия Тараптын ыйгарым укуктуу уюмунан 3 өкүл кирет; «Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялары» жабык акционердик коомунун директорлор кеңешинин төрагасы Россия Тараптын ыйгарым укуктуу уюмунун сунушу боюнча шайланат; «Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялары» жабык акционердик коомунун башкармалыгынын курамына Кыргыз Тараптын ыйгарым укуктуу уюмунан 2 өкүл жана Россия Тараптын ыйгарым укуктуу уюмунан 3 өкүл кирет; «Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялары» жабык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Россия Тараптын ыйгарым укуктуу уюмунун сунушу боюнча шайланат; директорлор кеңешинин жана башкармалыктын чечими жөнөкөй көпчүлүк добуш менен кабыл алынат.
2. Долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси жана долбоордук- сметалык документтери, ошондой эле кредит саясаты, курулушту каржылоонун жалпы көлөмү, «Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялары» жабык акционердик коомунун бюджети директорлор кеңешинин 5 мүчөсүн түзгөн кворум болгон учурда бир добуш менен бекитилет.
3. «Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялары» жабык акционердик коомун кайра уюштуруу жана (же) жоюу акционерлердин жалпы чогулушунун бир добуштан кабыл алынган чечими менен жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
4. Россия Тараптын ыйгарым укуктуу уюму «Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялары» жабык акционердик коомунун уставдык капиталына кошкон инвестициялардын кайтарымдуулук мөөнөтү аяктагандан кийин, Россия Тарап тарткан заем каражаттарды кайтарууну эске алуу менен, ар бир үч жылдан кийин уюштуруу документтеринде Тараптардын ыйгарым укуктуу уюмдары тарабынан белгиленген тартипте жана шартта «Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялары» жабык акционердик коомунун башкаруу жана жетекчилик органдарында өкүлдөрдү ротациялоо жүзөгө ашырылат.
10-берене
Кыргыз Тараптын ыйгарым укуктуу уюму Россия Тараптын ыйгарым укуктуу уюму «Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялары» жабык акционердик коомунун уставдык капиталына кошкон инвестициялардын кайтарымдуулук мөөнөтүндө жана Россия Тарап тарткан заем каражаттарды кайтаруу мөөнөтүндө Россия Тараптын ыйгарым укуктуу уюмуна «Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялары» жабык акционердик коомунун акцияларынын 25. пайызын ишенимдүү башкарууга берет. Тараптардын ыйгарым укуктуу уюмдарына таандык «Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялары» жабык акционердик коомунун акциялары ««Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялары» жабык акционердик коомунун же Тараптардын ыйгарым укуктуу уюмдарынын карызын жоюу эсебинде сатылбайт же башка жол менен ээликтен ажыратылбайт, күрөөгө коюлбайт жана (же) алмаштырылбайт, Тараптар мамлекеттеринин компоненттүү органдарынын жазуу жүзүндөгү макулдугу жок үчүнчү тарапка ишенимдүү башкарууга берилбейт. Жаңы акцияларды чыгаруу жана уставдык капиталды азайтуу Тараптар мамлекеттеринин компетенттүү органдарынын жазуу жүзүндөгү макулдугу болгондо гана жүзөгө ашырылыш мүмкүн. Эгерде бул Макулдашуунун 6-беренесинин 3-пунктунда белгиленген келишимде каралбаса, «Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялары» жабык акционердик коомунун мүлкү ээликтен ажыратуунун бардык, анын ичинде кыйыр түрлөрүнө жатпайт. Бул учурда мүлктү ээликтен ажыратуу эки Тараптын компетенттүү органдарынын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен гана жүзөгө ашырылат.
11-берене
Бул Макулдашуу күчүнө кирген күндөн тартып, бул Макулдашуунун алкагында жүзөгө ашырыла турган инвестицияларга карата Тараптар 2008-жылдын 12-декабрындагы Евразиялык экономикалык шериктештикке мүчө-мамлекеттерде инвестицияларды колдоо жана өз ара коргоо жөнүндө Макулдашуусунун жоболорун колдонушат. Тараптар долбоорго катышуудан улам келип чыккан өздөрүнүн ыйгарым укуктуу уюмунун милдеттемелери боюнча жоопкерчиликти албайт. Ыйгарым укуктуу уюмдар долбоорго катышуудан улам келип чыккан Тараптын милдеттемелери боюнча жоопкерчиликти албайт. Тараптар өздөрүнүн-ыйгарым укуктуу уюмдарынын долбоор боюнча милдеттемелерин аткаруусуна көмөк көрсөтүшөт.
12-берене
Кыргыз жана россиялык уюмдар долбоорду ишке ашыруунун алкагында иштерди аткаруу, жабдууларды, материалдарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүү боюнча рынок шарттарында келишимдерди (контракттарды) түзүүнүн артыкчылыктуу укуктарына ээ болот.
13-берене
1. Бул Макулдашуунун жоболорун колдонууда же түшүндүрүүдө же алар менен байланыштуу пайда боло турган бардык талаштар жана пикир келишпестиктер Тараптардын ортосундагы сүйлөшүүлөр жана консультациялар аркылуу чечилет.
2. Бул Макулдашууда каралган милдеттемелерди колдонууга жана аткарууга байланыштуу бир Тараптын жана башка Тараптын ыйгарым укуктуу уюмунун ортосундагы талаштары сүйлөшүүлөр жолу аркылуу чечилет.
3. Эгерде ушул берененин 2-пунктунда каралган сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында 6 ай аралыгында талаш чечилбесе, анда мындай талаш Бириккен Улуттар Уюмунун Эл аралык соода укуктары боюнча Комиссиясынын (ЮНСИТРАЛ) Арбитраж регламентинин 2010-жылдагы редакциясына ылайык ad hoc эл аралык арбитражында каралууга жатат.
14-берене
Бул Макулдашуу белгисиз мөөнөткө түзүлөт жана анын күчүнө кирүүсү үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички процедураларды Тараптардын аткарышы жөнүндө жазуу формасындагы акыркы билдирүүнү дипломатиялык каналдар боюнча алган күндөн тартып, бирок Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Камбар-Ата 1 ГЭСин куруу жана эксплуатациялоо жөнүндө макулдашуу күчүнө киргенден эрте эмес күчүнө кирет. Бул Макулдашуу Тараптардын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен өзгөрүшү мүмкүн. Бул Макулдашуу ага кол коюлган күндөн тартып 30 күн өткөндөн кийин убактылуу колдонулат. Тараптардын биринин демилгеси менен бул Макулдашууну колдонууну токтотуу башка Тарапка тийиштүү жазуу жүзүндөгү билдирүүнү жөнөтүү аркылуу жүзөгө ашырылат. Бул учурда бул Макулдашууну колдонуу мындай билдирүү алынган күндөн тартып 6 ай өткөндөн кийин токтотулат. Бул Макулдашууну колдонууну токтотуу Россия Тараптын ыйгарым укуктуу уюмунун «Жогорку-Нарын гидроэлектрстанциялары» жабык акционердик коомундагы үлүшүн Кыргыз Тараптын ыйгарым укуктуу уюмунун менчигине өткөрүп берүүсүнө алып келет, муну менен бирге Кыргыз Тарап Россия Тараптын жана анын ыйгарым укуктуу уюмунун тарткан -чыгашасын компенсациялоого милдеттенет. Үлүштү өткөрүп берүү жана Россия Тараптын жана анын ыйгарым укуктуу уюмунун тарткан чыгашасын компенсациялоо тартиби (графикти кошкондо) жөнүндө макулдашууну Тараптар ушул Макулдашуунун 6-беренесинин 3-пунктунда аталган зайым келишимин түзүү менен бир мезгилде түзүүгө тийиш. Бул Макулдашууну убактылуу колдонуу башталган күндөн тартып 2008-жылдын 9-октябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы электр энергетикасы жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө макулдашууну убактылуу колдонуу токтотулат. _____________________________ шаарында, 2012-жылдын «_____» __________ эки нускада, ар бири кыргыз жана орус тилдеринде түзүлдү, эки текст тең бирдей күчкө ээ.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн
Россия Федерациясынын Өкмөтү үчүн
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.