# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-сентябрындагы № 457-б (Чет өлкөлүк карыз каражатты берүү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-сентябрындагы № 457-б (Чет өлкөлүк карыз каражатты берүү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 457-р
- Кабыл алынган күнү: 12.09.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.09.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/209402>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-9755/edition/529616/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/209402.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.09.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-сентябрындагы № 457-б (Чет өлкөлүк карыз каражатты берүү боюнча) буйругу (12.09.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/209402

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2012-жылдын 12-сентябры № 457-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосунда 2011-жылдын 13-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган, Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 1-июнундагы № 75 Мыйзамы менен ратификацияланган "Бишкек шаарын жана Ош шаарын электр менен жабдууну жакшыртуу" долбоорун каржылоо үчүн Кредиттик макулдашууну ишке ашыруу максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

- "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомуна 23080000 (жыйырма үч миллион сексен миң) АКШ доллары өлчөмүндөгү чет өлкөлүк карыз каражатты берсин;

- "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коому менен карыз каражатты кайра төлөө жөнүндө төмөнкүдөй шарттагы карыздык милдеттенмени белгиленген тартипте түзсүн:

карыз каражатты төлөө мөөнөтү - 25 (жыйырма беш) жыл, анын ичинде карыз каражаттын негизги суммасына 7 (жети) жыл жеңилдиктүү мезгил берилет, негизги сумма жеңилдиктүү мезгил бүткөндөн кийин 18 жыл бою бирдей өлчөмдө төлөнөт; карыз каражатты пайдалангандык үчүн проценттик ставка - 2,5 (эки жарым) процент жылдык; төлөөнү кечиктиргендик үчүн айыптык санкция - кечиктирилген суммага салынуучу жылдык 5 (беш) процент өлчөмдө; төлөө мезгилдери - жылына эки жолу: 15-декабрда жана 15-июнда; эсептей баштоо - акча каражат алынган учурдан баштап (иш жүзүндө алынган акча каражатка).

2. "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коому:

- алынчу каражаттын максаттуу пайдаланылышын камсыздасын;

- карыз каражат салынган проценттери менен карыздык милдеттенмени жоюу графигине ылайык кайра төлөнүшүн камсыздасын.

3. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун төмөнкү иштерин белгиленген тартипте контролго алсын:

- алынчу каражатты максаттуу пайдалануу боюнча;

- карыздык милдеттенменин шарттарын жоюу графигине ылайык аткарылышын.

4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын реалдуу сектор жана инфраструктура бөлүмүнө тапшырылсын.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев
