# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-сентябрындагы № 456-б (Бюджеттик ссудаларды кайтаруу тууралуу) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-сентябрындагы № 456-б (Бюджеттик ссудаларды кайтаруу тууралуу) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 456-р
- Кабыл алынган күнү: 12.09.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 12.09.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/209401>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-9754/edition/529614/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/209401.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.09.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-сентябрындагы № 456-б (Бюджеттик ссудаларды кайтаруу тууралуу) буйругу (12.09.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/209401

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2012-жылдын 12-сентябры № 456-б Ош шаарында, Жалал-Абад жана Ош облустарында 2010-жылдын июнунда болгон талап-тоноолордун, мародерчулуктун жана өрттөрдүн натыйжасында жабыр тарткан ишкерлерге Ош жана Жалал-Абад шаарларын жана калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекция (мындан ары - Мамлекеттик дирекция) тарабынан бөлүнгөн бюджеттик ссудаларды кайтарууну камсыздоо максатында:

1. Мамлекеттик дирекция:

- эки айлык мөөнөттө:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-майындагы № 228 "2010-жылдын июнунда Ош шаарында, Жалал-Абад жана Ош облустарында талап-тоноолордун жана өрттөөлөрдүн кесепетинен жабыр тарткан ишкерлерге колдоо көрсөтүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна ылайык берилген бюджеттик ссудалар боюнча кредиттик-күрөөлүк документтер боюнча талап кылуу укугун өткөрүп берүү жөнүндө макулдашууну Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фонду менен тариздесин; кредитордун жана алыш-бериш эсебинин өзгөргөндүгү жөнүндө төлөөчүгө белгиленген тартипте маалымдасын; кредиттик-күрөөлүк документтерди Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фондуна өткөрүп берүүнү камсыздасын;

- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондуна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-майындагы № 228 "2010-жылдын июнунда Ош шаарында, Жалал-Абад жана Ош облустарында талап-тоноолордун жана өрттөөлөрдүн кесепетинен жабыр тарткан ишкерлерге колдоо көрсөтүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомунда көрсөтүлгөн шарттарда бюджеттик ссудаларды берүү жана кредиттик-күрөөлүк документтерди андан ары тариздөө үчүн жабыр тарткан ишкерлерден келип түшкөн өтүнмөлөрдү берсин;

- бюджеттик ссудаларды берүүнү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фонду тарабынан таризделген кредиттик-күрөөлүк документтердин негизинде гана жүргүзсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фонду:

- берилген кредиттик-күрөөлүк документтердин негизинде колдонуудагы шарттарга ылайык бөлүнгөн бюджеттик ссудаларды кайтарууну камсыздасын;

- Мамлекеттик дирекция берген өтүнмө боюнча бюджеттик ссудаларды берүүгө кредиттик-күрөөлүк документтерди андан ары тариздөөнү жүргүзсүн.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев
