Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Бюджеттик ссудаларды кайтаруу тууралуу) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2012-жылдын 12-сентябры № 456-б Ош шаарында, Жалал-Абад жана Ош облустарында 2010-жылдын июнунда болгон талап-тоноолордун, мародерчулуктун жана өрттөрдүн натыйжасында жабыр тарткан ишкерлерге Ош жана Жалал-Абад шаарларын жана калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекция (мындан ары - Мамлекеттик дирекция) тарабынан бөлүнгөн бюджеттик ссудаларды кайтарууну камсыздоо максатында:
1. Мамлекеттик дирекция:
- эки айлык мөөнөттө:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-майындагы № 228 "2010-жылдын июнунда Ош шаарында, Жалал-Абад жана Ош облустарында талап-тоноолордун жана өрттөөлөрдүн кесепетинен жабыр тарткан ишкерлерге колдоо көрсөтүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна ылайык берилген бюджеттик ссудалар боюнча кредиттик-күрөөлүк документтер боюнча талап кылуу укугун өткөрүп берүү жөнүндө макулдашууну Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фонду менен тариздесин; кредитордун жана алыш-бериш эсебинин өзгөргөндүгү жөнүндө төлөөчүгө белгиленген тартипте маалымдасын; кредиттик-күрөөлүк документтерди Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фондуна өткөрүп берүүнү камсыздасын;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондуна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-майындагы № 228 "2010-жылдын июнунда Ош шаарында, Жалал-Абад жана Ош облустарында талап-тоноолордун жана өрттөөлөрдүн кесепетинен жабыр тарткан ишкерлерге колдоо көрсөтүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомунда көрсөтүлгөн шарттарда бюджеттик ссудаларды берүү жана кредиттик-күрөөлүк документтерди андан ары тариздөө үчүн жабыр тарткан ишкерлерден келип түшкөн өтүнмөлөрдү берсин;
- бюджеттик ссудаларды берүүнү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фонду тарабынан таризделген кредиттик-күрөөлүк документтердин негизинде гана жүргүзсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик фонду:
- берилген кредиттик-күрөөлүк документтердин негизинде колдонуудагы шарттарга ылайык бөлүнгөн бюджеттик ссудаларды кайтарууну камсыздасын;
- Мамлекеттик дирекция берген өтүнмө боюнча бюджеттик ссудаларды берүүгө кредиттик-күрөөлүк документтерди андан ары тариздөөнү жүргүзсүн.
Премьер-министри
Ж.Сатыбалдиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-майындагы № 228 "2010-жылдын июнунда Ош шаарында, Жалал-Абад жана Ош облустарында талап-тоноолордун жана өрттөөлөрдүн кесепетинен жабыра тарткан…Постановление · 16.05.2011 · № 228 · Күчүн жоготкон