# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-сентябрындагы № 455-б (Алкоголдуу жана тамеки продукцияларына акциз маркаларын даярдоо жана берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-сентябрындагы № 455-б (Алкоголдуу жана тамеки продукцияларына акциз маркаларын даярдоо жана берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 455-р
- Кабыл алынган күнү: 11.09.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.11.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/209400>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-9753/edition/530851/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/209400.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.11.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-сентябрындагы № 455-б (Алкоголдуу жана тамеки продукцияларына акциз маркаларын даярдоо жана берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу боюнча) буйругу (22.11.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/209400

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2012-жылдын 11-сентябры № 455-б (КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-ноябрындагы № 550-б буйругунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Мыйзамынын 65-беренесине ылайык 2012-жылдын 16-майындагы алкоголдуу жана тамеки продукцияларына акциз маркаларын даярдоо жана берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга тендердин жыйынтыгын жокко чыгаргандыгына байланыштуу, жаңы тендер өткөрүлгөнгө чейин акциз маркаларын үзгүлтүксүз берүүнү камсыздоо максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматына акциз маркаларын 7 айлык керектөөдөн кем эмес жабуучу көлөмдө алкоголдуу продукцияга - 83754000 даана жана тамеки продукциясына 185500000 даана акциз маркаларын даярдоо жана жеткирип берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү бир булактан алуу ыкмасы менен "De La Rue International Ltd" компаниясынан сатып алууга уруксат берилсин.

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-ноябрындагы № 550-б буйругунун редакциясына ылайык)

2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев
