# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-мартындагы № 87-б (Жарнама щиттерин, казино жана оюн-зоок автоматтарынын залдарынын көрнөктөрүн алып салуу боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-мартындагы № 87-б (Жарнама щиттерин, казино жана оюн-зоок автоматтарынын залдарынын көрнөктөрүн алып салуу боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 87-р
- Кабыл алынган күнү: 16.03.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.03.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/209370>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-9723/edition/528796/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/209370.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.03.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-мартындагы № 87-б (Жарнама щиттерин, казино жана оюн-зоок автоматтарынын залдарынын көрнөктөрүн алып салуу боюнча) буйругу (16.03.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/209370

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2012-жылдын 16-марты № 87-б "Кыргыз Республикасында оюн-зоок ишмерлигин тыюу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын жүзөгө ашыруу максатында:

1. Облустук мамлекеттик администрациялардын жана Бишкек менен Ош шаарларынын мэрияларынын башчылары оюн-зоок жайларынын ээлери менен биргеликте жарнама щиттерин, казино жана оюн-зоок автоматтарынын залдарынын көрнөктөрүн оюн-зоок жайларынын ээлеринин эсебинен алып салуу (демонтаждоо) боюнча иш-чараларды жүргүзүшсүн.

2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

3. Бул буйрук кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ө.Бабанов
