# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-мартындагы № 86-б (Эл аралык маалыматтык коопсуздукту камсыздоо жаатында кызматташуу жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы макулдашууну ишке ашырууга жооптуу Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-мартындагы № 86-б (Эл аралык маалыматтык коопсуздукту камсыздоо жаатында кызматташуу жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы макулдашууну ишке ашырууга жооптуу Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 86-р
- Кабыл алынган күнү: 16.03.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.03.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/209369>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-9722/edition/528794/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/209369.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.03.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-мартындагы № 86-б (Эл аралык маалыматтык коопсуздукту камсыздоо жаатында кызматташуу жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы макулдашууну ишке ашырууга жооптуу Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары боюнча) буйругу (16.03.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/209369

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2012-жылдын 16-марты № 86-б Екатеринбург шаарында 2009-жылдын 16-июнунда кол коюлган, Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 8-июлундагы № 82 "Екатеринбург шаарында 2009-жылдын 16-июнунда кол коюлган Эл аралык маалыматтык коопсуздукту камсыздоо жаатында кызматташуу жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Мыйзамы менен ратификацияланган Эл аралык маалыматтык коопсуздукту камсыздоо жаатында кызматташуу жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы макулдашууга ылайык:

1. Ушул Макулдашууну ишке ашырууга жооптуу Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары катары Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Байланыш мамлекеттик агенттиги аныкталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Шанхай кызматташтык уюмунун Катчылыгына ушул Макулдашууну ишке ашырууга жооптуу болгон Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары жөнүндө билдирсин.

Премьер-министр

Ө.Бабанов
