Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Эл аралык маалыматтык коопсуздукту камсыздоо жаатында кызматташуу жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы макулдашууну ишке ашырууга жооптуу Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары боюнча) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2012-жылдын 16-марты № 86-б Екатеринбург шаарында 2009-жылдын 16-июнунда кол коюлган, Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 8-июлундагы № 82 "Екатеринбург шаарында 2009-жылдын 16-июнунда кол коюлган Эл аралык маалыматтык коопсуздукту камсыздоо жаатында кызматташуу жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы макулдашууну ратификациялоо жөнүндө" Мыйзамы менен ратификацияланган Эл аралык маалыматтык коопсуздукту камсыздоо жаатында кызматташуу жөнүндө Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы макулдашууга ылайык:
1. Ушул Макулдашууну ишке ашырууга жооптуу Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары катары Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Байланыш мамлекеттик агенттиги аныкталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Шанхай кызматташтык уюмунун Катчылыгына ушул Макулдашууну ишке ашырууга жооптуу болгон Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары жөнүндө билдирсин.
Премьер-министр
Ө.Бабанов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.