# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-марты № 67-б (Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыгын ыйгаруу боюнча кеңеш бекитилүү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-марты № 67-б (Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыгын ыйгаруу боюнча кеңеш бекитилүү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 67-р
- Кабыл алынган күнү: 02.03.2012
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.03.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/209355>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-9708/edition/944056/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/209355.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.03.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-марты № 67-б (Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыгын ыйгаруу боюнча кеңеш бекитилүү боюнча) буйругу (02.03.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/209355

---

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 19-февралындагы № 60-б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2012-жылдын 2-марты № 67-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 18-августундагы № 478 "Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыгын уюштуруу жөнүндө" токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмүнүн өзгөргөндүгүнө байланыштуу:

1. Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыгын ыйгаруу боюнча кеңеш төмөнкү курамда бекитилсин:

Кыргыз Республикасынын Премьер - министри, Кеңештин төрагасы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министр, Кеңештин төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын экономика жана монополияга каршы саясат министри, Кеңештин төрагасынын орун басары; Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология боюнча борбордун директору, Кеңештин катчысы. Кеңештин мүчөлөрү: Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министри; Кыргыз Республикасынын финансы министри; Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри; Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри; Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн башчысы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору; Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти (макулдашуу боюнча); Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору (макулдашуу боюнча); Эл аралык ишкердик кеңешинин аткаруучу директору (макулдашуу боюнча); Кыргызстан ишкерлер союзунун президенти (макулдашуу боюнча); Жеткирүүчүлөр (өндүрүүчүлөр жана дистрибьюторлор) ассоциациясынын президенти (макулдашуу боюнча); Чүй облусунун мамлекеттик администрациясынын башчысы; Ысык-Көл облусунун мамлекеттик администрациясынын башчысы; Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын башчысы; Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрациясынын башчысы; Талас облусунун мамлекеттик администрациясынын башчысы; Нарын облусунун мамлекеттик администрациясынын башчысы; Баткен облусунун мамлекеттик администрациясынын башчысы.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 18-июнундагы № 298-б буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-ноябрындагы № 575-б буйругу.

Премьер-министр

Ө.Бабанов
