# КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 18-августундагы № 138 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 18-августундагы № 138 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 138
- Кабыл алынган күнү: 18.08.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.08.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/20934>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-1870/edition/821296/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/20934.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.08.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 18-августундагы № 138 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө" токтому (18.08.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/20934

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2016-жылдын 18 - августу № 138 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону дайындоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 15-августундагы № 459 буйругу менен Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакыян айыл өкмөтүнүн башчысы Т.У.Айманбетов Талас облусунун Кара-Буура районунун мамлекеттик администрация башчысы - акиминин биринчи орун басары болуп дайындалды. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016-жылдын 28-июлундагы № 132 токтому менен 2016-жылдын 16-августуна дайындалган Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Арал айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо, катталган талапкер жергиликтүү кеңештин депутаттарынын добуштарынын зарыл болгон санын албагандыгына байланыштуу, шайлоо болбой калган. Баткен облусунун Лейлек районунун Бешкент айылдык кеңешинин депутаттарынан 2016-жылдын 5-августунда түшкөн кайрылуусунун негизинде, бюджеттик каражаттарды үнөмдөө максатында жана "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 7-беренелерине, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 423 токтому менен бекитилген "Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун тартиби жөнүндө" жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакыян айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2016-жылдын 6-сентябрына дайындалсын жана саат 9.00дөн 12.00гө чейин өткөрүлсүн.

2. Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Арал жана Баткен облусунун Лейлек районунун Бешкент айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоо, жаңы талапкерлерди көрсөтүү менен, 2016-жылдын 1-сентябрына дайындалсын жана саат 9.00дөн 12.00гө чейин өткөрүлсүн.

3. Кара-Буура, Ноокен жана Лейлек аймактык шайлоо комиссиялары кайра шайлоону мыйзамдарда белгиленген тартипте өткөрүүнү уюштурсун.

4. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.

Төрага

Н. Шайлдабекова
