# 2012-жылдын 3-февралы № 32-б (Бюджеттер аралык мамилелердин жаңы принциптерине өтүү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: 2012-жылдын 3-февралы № 32-б (Бюджеттер аралык мамилелердин жаңы принциптерине өтүү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 32-р
- Кабыл алынган күнү: 03.02.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.02.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/209321>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-9674/edition/527798/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/209321.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.02.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: 2012-жылдын 3-февралы № 32-б (Бюджеттер аралык мамилелердин жаңы принциптерине өтүү боюнча) буйругу (03.02.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/209321

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2012-жылдын 3-февралы № 32-б Бюджеттер аралык мамилелердин жаңы принциптерине өтүүгө жана райондордун жергиликтүү бюджеттери жоюлгандыгына байланыштуу:

1. Мурда райондордун жергиликтүү бюджеттеринен каржылануучу бюджеттик мекемелер республикалык бюджеттен каржылоого тиркемеге ылайык (1-8) тиешелүү министрликтердин жана администрациялык ведомстволордун карамагына өткөрүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

- райондордун жергиликтүү бюджеттеринен каржылануучу бюджеттик мекемелердин финансылык операцияларын жүргүзүүнү 2012-жылдын январынан баштап токтотсун;

- 2012-жылдын 1-январына карата абалы боюнча райондордун жергиликтүү бюджеттеринин бюджеттик каражаттарынын 2011-жылдын жыйынтыгы боюнча түзүлгөн калдыктарын республикалык бюджеттин кирешесине которсун;

- мурда райондордун жергиликтүү бюджеттеринен каржылануучу бюджеттик мекемелердин атайын каражаттарынын 2012-жылдын 1-январына карата абалы боюнча калдыктарын республикалык бюджетке өткөрүп берсин;

- "Кыргыз Республикасынын 2012-жылга республикалык бюджети жана 2013-2014-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун кабыл алганга чейин:

жалпы мамлекеттик салыктарды чегерүү нормативдери боюнча райондордун жергиликтүү бюджеттерине которулуучу кирешелер жана башка кирешелер республикалык бюджетке которулсун; райондордун жергиликтүү бюджеттеринен республикалык бюджеттин каржылануусуна өткөрүлгөн бюджеттик мекемелерди каржылоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алардын бюджетинин өлчөмүнүн 1/12 бөлүгүндө жүргүзсүн.

3. Министрликтер жана администрациялык ведомство ушул буйруктун тиркемесине ылайык райондордун жергиликтүү бюджеттеринен мурда каржылануучу бюджеттик мекемелерди 2012-жылга республикалык бюджеттин долбооруна киргизүүнү эске алышсын.

4. Министрликтердин жана администрациялык ведомствонун жетекчилери өткөрүп берилген мекемелерди 2012-жылдын 1-январынан баштап каржылоо маселеси боюнча жоопкерчилик тартат.

5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы бөлүмүнө жүктөлсүн.

6. Бул буйрук 2012-жылдын 9-январынан баштап күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ө.Бабанов

1-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин

карамагына берилүүчү мекемелердин

ТИЗМЕСИ

2-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин

карамагына берилүүчү мекемелердин

ТИЗМЕСИ

3-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин

карамагына берилүүчү мекемелердин

ТИЗМЕСИ

4-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация

министрлигинин карамагына берилүүчү мекемелердин

ТИЗМЕСИ

5-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм

министрлигинин карамагына берилүүчү мекемелердин

ТИЗМЕСИ

6-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим

министрлигинин карамагына берилүүчү мекемелердин

ТИЗМЕСИ

7-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүктүрүү

министрлигинин карамагына берилүүчү мекемелердин

ТИЗМЕСИ

8-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин

карамагына берилүүчү мекемелердин

ТИЗМЕСИ
