# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 26-январындагы № 19-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июлундагы № 318-б буйругуна өзгөртүү киргизүү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 26-январындагы № 19-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июлундагы № 318-б буйругуна өзгөртүү киргизүү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 19-р
- Кабыл алынган күнү: 26.01.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.01.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/209309>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-9662/edition/527316/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/209309.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.01.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 26-январындагы № 19-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июлундагы № 318-б буйругуна өзгөртүү киргизүү боюнча) буйругу (26.01.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/209309

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2012-жылдын 26-январы № 19-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июлундагы № 318-б буйругун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-июлундагы № 371 "2011-жылы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн өз учурунда жана уюшкандыкта жыйнап алуу максатында Кыргыз Республикасынын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү чаралары жөнүндө" токтомун аткаруу жана Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июлундагы № 318-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 1-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:

"- өндүрүлгөн унду республиканын ички базарларында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун ведомстволук түзүмдөрү аркылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Антимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги белгилеген баа менен сатсын же I жана II сорттогу алынган унду мамлекеттик резервге коюу үчүн 2011-жылдын түшүмүнүн 3-класстан кем эмес, клейковинасы 23 проценттен кем эмес, айылдык товар өндүрүүчүлөр менен жооптуу сактоочулардын ортосундагы салыштыруу актысына ылайык биринчи сорттогу ун үчүн 1 : 1,4 жана экинчи сорттогу ун үчүн 1 : 1,1 катышындагы азык-түлүк буудай данына алмаштырсын;".

Премьер-министр

Ө.Бабанов
