Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Балдар социалдык мекемелерине колдоо көрсөтүү боюнча)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2012-жылдын 24-январы № 15-б Балдар социалдык мекемелерине колдоо көрсөтүү максатында:
1. Балдар социалдык мекемелерине кураторлукту (шефке алууну) жүзөгө ашыруучу министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык ведомстволор тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Балдар социалдык мекемелерине кураторлукту (шефке алууну) жүзөгө ашыруучу министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана администрациялык ведомстволор ар тараптуу жана демөөрчүлүк жардамды Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында тыюу салынбаган каражаттардын эсебинен көрсөтүшсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-ноябрындагы № 502-б буйругуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
- аталган буйрук менен бекитилген ар тараптуу колдоо көрсөтүү үчүн министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, администрациялык ведомстволорго, аткаруу бийлигинин башка органдарына, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу-тескөө органдарына бекитилген интернат-үйлөрдүн тизмесинде:
- 5, 11, 15, 16-пункттар күчүн жоготту деп табылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-ноябрындагы № 624-б буйругуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
- 2-пункттун үчүнчү абзацындагы "интернат-мектептердин" деген сөз алып салынсын;
- аталган буйрук менен бекитилген ар тараптуу колдоо көрсөтүү үчүн министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, администрациялык ведомстволорго, аткаруу бийлигинин башка органдарына, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу тескөө органдарына бекитилген интернат-үйлөрдүн, интернат мектептердин тизмесинде:
- аталышындагы "интернат мектептердин" деген сөз алып салынсын;
- 5, 11, 15, 16-позициялар күчүн жоготту деп табылсын.
Премьер-министр
Ө.Бабанов
Тиркеме
Балдар социалдык мекемелерине кураторлукту
(шефке алууну) жүзөгө ашыруу үчүн бекитилген
министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана
администрациялык ведомстволордун
ТИЗМЕСИ
| № | Кураторлукту (шефке алууну) жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдар | Балдар социалдык мекемелеринин аталышы |
|---|---|---|
| 1 | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ├──────────────────────────────────┤ ├──────────────────────────────────┤ | Азиз балдар үчүн Кара-Суу мектеп-интернаты Жетим балдар жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар үчүн Панфилов мектеп-интернаты Ж.Бөкөмбаев атындагы балдар үйү (Октябрь а. Сузак району) |
| 2 | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги ├──────────────────────────────────┤ | Акыл-эсинин өнүгүүсү кечеңдеген балдар үчүн Кум-Арык мектеп-интернаты Акыл-эсинин өнүгүүсү артта калган балдар үчүн Петровка көмөкчү мектеп-интернаты |
| 3 | Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги ├──────────────────────────────────┤ | Беловодск психоневрологиялык балдар үй-интернаты (Чүй облусу) Акыл-эсинин өнүгүүсү артта калган жана ата-энесинин камкордугусуз калган майып жетимдер Краснореченск мектеп-интернаты |
| 4 | Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги ├──────────────────────────────────┤ ├──────────────────────────────────┤ | Азиз балдар үчүн республикалык атайын мектеп-интернаты Үч-Коргон көмөкчү мектеби Акыл-эсинин өнүгүүсү артта калган балдар үчүн Бишкек шаарындагы № 34 көмөкчү мектеп |
| 5 | Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги ├──────────────────────────────────┤ | Кароосуз жана көзөмөлсүз калган балдар үчүн Майлы-Суу балдар үй-интернаты Дүлөй балдар үчүн республикалык атайын мектеп-интернат |
| 6 | Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги ├──────────────────────────────────┤ | Дүлөй балдар үчүн республикалык атайын мектеп-интернат Военно-Антоновка балдар үйү |
| 7 | Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги ├──────────────────────────────────┤ ├──────────────────────────────────┤ | Жалал-Абад психоневрологиялык балдар үй-интернаты Октябрь балдар үйү Жетим балдар жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар үчүн Чалдыбар мектеп-интернаты |
| 8 | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги | Үч-Коргон балдар үйү |
| 9 | Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ├──────────────────────────────────┤ ├──────────────────────────────────┤ | "Психикалык өнүгүшү кечеңдеген" балдар үчүн Төмөнкү-Чүй атайын мектеп-интернаты Талас көмөкчү мектеп-интернаты Жетим балдар жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар үчүн Мырза-Аке мектеп-интернаты |
| 10 | Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлиги ├──────────────────────────────────┤ | Жетим, жарым жартылай жетим жана аз камсыз үй бүлөлөрдөгү балдар үчүн № 11 Ош мектеп-интернаты Акыл-эсинин өнүгүүсү артта калган балдар үчүн № 30 мектеп (Бишкек шаары) |
| 11 | Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлиги ├──────────────────────────────────┤ | Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн мектеп-интернат (Ноокен районунун Шайдан айылы) Ак-Суу балдар үйү |
| 12 | Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети ├──────────────────────────────────┤ | Азиз балдар үчүн Ош мектеп-интернаты Тарбиясы оор балдар үчүн Беловодск атайын мектеп-интернаты |
| 13 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы ├──────────────────────────────────┤ ├──────────────────────────────────┤ | Адистештирилген балдар үйү (Бишкек шаары) Жетим балдар жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар үчүн Чүй мектеп-интернаты Адистештирилген балдар үйү (Ош шаары) |
| 14 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы ├──────────────────────────────────┤ ├──────────────────────────────────┤ | Начар уккан жана кийин укпай калган балдар үчүн атайын мектеп-интернаты Ноокен атайын мектеп-интернаты Акыл-эсинин өнүгүүсү артта калган балдар үчүн № 22 көмөкчү мектеп (Бишкек шаары) |
| 15 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы ├──────────────────────────────────┤ ├──────────────────────────────────┤ | Беловодск мектепке чейинки балдар үйү Сүйлөөсү бузулган балдар үчүн Сокулук атайын мектеп-интернаты Азиз жана начар уккан балдар үчүн Ош мектеп-интернаты |
| 16 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо ├──────────────────────────────────┤ боюнча мамлекеттик кызматы | Адистештирилген балдар үйү (Токмок шаары) Сүлүктү көмөкчү мектеп-интернаты |
| 17 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматы ├──────────────────────────────────┤ ├──────────────────────────────────┤ | Акыл-эсинин өнүгүүсү артта калган балдар үчүн Дмитриевка көмөкчү мектеп-интернаты "Ташмамат" Өзгөн балдар үйү Акыл-эсинин өнүгүүсү артта калган балдар үчүн № 12 көмөкчү мектеп (Ош шаары) |
| 18 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы | Дүлөй балдар үчүн Кара-Суу мектеп-интернаты |
| 19 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду ├──────────────────────────────────┤ | "Максат" Чүй облустук балдардын мүмкүнчүлүгү чектелген майыптарды жана өспүрүмдөрдү реабилитациялоо борбору Акыл-эсинин өнүгүүсү артта калган балдар үчүн Орто-Суу көмөкчү мектеп-интернаты |
| 20 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду | Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн Покровка үй-интернаты |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-ноябрындагы №624 "Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, майып балдарга жана интернат-үйлөрдө жашаган адамдарга…Распоряжение · 27.11.2008 · № 624
- Распоряжение Правительства КР от 27 ноября 2007 года №502-р (Об утверждении плана мероприятий по проведению месячника по поддержке лиц с ограниченными возможностями здоровья)Распоряжение · 27.11.2007 · № 502
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 10-апрелиндеги № 237 "Кыргыз Республикасында балдарды, улгайган адамдарды жана майыптарды коргоонун эл аралык күнүн жыл сайын өткөрүү жөнүндө" токтомуПостановление · 10.04.2012 · № 237
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы № 385-т (Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитети жана административдик ведомстволору…Распоряжение · 12.07.2022 · № 385-р · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Распоряжение Правительства КР от 27 ноября 2007 года №502-р (Об утверждении плана мероприятий по проведению месячника по поддержке лиц с ограниченными возможностями здоровья)Распоряжение · 27.11.2007 · № 502
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 27-ноябрындагы №624 "Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, майып балдарга жана интернат-үйлөрдө жашаган адамдарга…Распоряжение · 27.11.2008 · № 624
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-ноябрындагы № 502-б буйругуРаспоряжение · 27.11.2007 · № 502