# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-январындагы № 8-б (Жоюу комиссиясы түзүлүшү боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-январындагы № 8-б (Жоюу комиссиясы түзүлүшү боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 8-р
- Кабыл алынган күнү: 11.01.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.01.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/209303>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-9656/edition/527304/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/209303.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.01.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-январындагы № 8-б (Жоюу комиссиясы түзүлүшү боюнча) буйругу (11.01.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/209303

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2012-жылдын 11-январы № 8-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-октябрындагы № 633 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Жазаларды ишке ашыруу департаментинин мекемесин жоюу жөнүндө" токтомуна ылайык:

1. Төмөнкү курамда жоюу комиссиясы түзүлсүн:

Кенебаев К.Ч. - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын (мындан ары - ЖАМК) башкы штабынын начальниги, комиссиянын төрагасы; Канулькулов М.Э. - ЖАМКнын укуктук камсыздоо жана эл аралык кызматташуу башкармалыгынын начальниги; Айманбетов А. - ЖАМКнын кадрлар башкармалыгынын начальнигинин орун басары; Сулаимбеков Б.Ш. - ЖАМКнын жатак-абактар бөлүмүнүн улук инспектору; Турпанбаев М.Т. - ЖАМКнын атайын бөлүмүнүн улук инспектору; Бостоналиев Ж.Т. - ЖАМКнын каржы башкармалыгынын улук инспектору; Султанов С.К. - ЖАМКнын жатак-абактар бөлүмүнүн опер кызматкери.

2. Жоюу комиссиясы бир айлык мөөнөттө:

- ЖАМКнын Жазаларды ишке ашыруу департаментинин № 41 түзөтүү мекемесинин (мындан ары - № 41 түзөтүү мекемеси) мүлкүн эсепке алууну жана баалоону жүргүзсүн;

- жоюу балансын бекитсин;

- бошогон персоналды жумушка орноштуруу, № 41 түзөтүү мекемесинин эсебиндеги адамдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүп берүү маселесин чечсин.

3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасына жүктөлсүн.

Премьер-министр

Ө.Бабанов
