Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жарандык коргонуу (сактануу), өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашуунун долбоору жактыруу боюнча) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2012-жылдын 11-январы № 5-б
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Жарандык коргонуу (сактануу), өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрине жогоруда аталган Макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр
Ө.Бабанов
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен
Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн
ортосундагы Жарандык коргонуу (сактануу),
өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана
кесепеттерин жоюу тармагында кызматташуу жөнүндө
МАКУЛДАШУУ
Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Азербайжан Республикасынын Өкмөтү, эки элдин ортосундагы достук мамилени бекемдөөгө умтулушуп, жарандык коргонуу коркунучтуулугун түшүнүшүп, жарандык коргонуу (сактануу), өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана жоюу тармагындагы кызматташуу Тараптардын мамлекеттеринин бакубат турмушуна жана улуттук коопсуздугуна жардам берээрин моюнга алуу менен, өзгөчө кырдаалдардын Тараптардын мамлекеттери үчүн коркунучтуулугун түшүнүшүп, жарандык коргонуу (сактануу), өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу тармагында илимий-техникалык маалыматтарды алмашуунун Тараптардын мамлекеттери үчүн пайдасын эске алышып, Тараптардын биринин күч-каражаттары менен жоюуга болбоочу өзгөчө кырдаалдардын болуу ыктымалдыгын жана андан улам өзгөчө кырдаалдын алдын алуу жана жоюу максатында эки мамлекеттин координацияланган иш-аракеттери зарыл болоорун көңүлгө алышып өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу тармагында Бириккен Улуттар Уюмунун жана башка эл аралык уюмдардын ролун эске алуу менен, төмөнкүлөр жөнүндө макулдашышты:
1-берене. Бул Келишимде пайдаланылчу терминдер
Бул Келишимде пайдаланылчу терминдер төмөнкүдөй маанилерге ээ: Суроочу тарап - экинчи Тарапка жардам көрсөтүүчү адистердин тобун, тийиштүү жабдууларды жана камсыздоочу материалдарды жиберүү жөнүндөгү өтүнүч менен кайрылган Тарап; Берүүчү тарап - экинчи Тараптын жардам көрсөтүүчү адистердин тобун, тийиштүү жабдууларды жана камсыздоочу материалдарды жиберүү тууралуу өтүнүчүн канааттандырган Тарап; компетенттүү орган - ар бир Тараптан ушул Келишимди ишке ашырууга байланышкан иштерди жетектөө жана координациялоо үчүн дайындалуучу орган; жардам берүүчү топ - берүүчү Тараптын жардам көрсөтүү жана өзгөчө кырдаал болгон зонада иш жүргүзүү үчүн жетиштүү керектүү жабдуу менен камсыздоо максатында уюштурулган адистеринин тобу; эксперт - берүүчү Тараптын сураган Тараптын мамлекетинин аймагына жардам көрсөтүү үчүн жиберилчү тийиштүү тармактагы адиси; өзгөчө кырдаал - авариядан, коркунучтуу табигый кубулуштан, техногендик же табигый кыйроодон, табигый же башка кырсыктан улам адамдардын курман болушуна дуушарланткан же дуушарлантуучу, адамдардын ден соолугуна же айлана-чөйрөгө зыян келтирген же келтириши мүмкүн болгон, чоң материалдык жоготууга жана адамдардын тиричилик шарты бузулушуна дуушарлантышы мүмкүн болгон абал; өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу - өзгөчө кырдаалын болуу коркунучун максимум азайтууга, ошондой эле адамдардын ден соолугун сактоого, айлана-чөйрөгө зыяндын жана материалдык жоготуунун өлчөмүн азайтууга багытталган иш-чаралардын комплекси; өзгөчө кырдаалды жоюу - өзгөчө кырдаал болгон учурда адамдардын өмүрүнүн, ден-соолугунун сакталышына, айлана-чөйрөгө болуучу зыяндын жана материалдык жоготуунун өлчөмүн азайтууга, ошондой эле өзгөчө кырдаалдар аймагын чектөөгө, ага таандык коркунучтуу факторлордун таасирин токтотууга багытталган куткаруучу жана башка иш-чаралар; өзгөчө кырдаалдар аймагы - өзгөчө кырдаалдар болгон аймак; авариялык-куткаруу иш-чаралары - өзгөчө кырдаалдар аймагындагы адамдарды куткаруу, материалдык жана маданият байлыктарын, айлана-чөйрөнү сактоо, өзгөчө кырдаалдарды чектөө менен жоюу же ага таандык коркунуч факторлорун эң төмөнкү деңгээлине жеткирүү; жабдуу - жардам көрсөтүүчү топтун же эксперттердин материалдары жана транспорт каражаттары, жарак-жабдыгы, анын ичинде кызматтык иттер, жеке шаймандары, дары-дармектери жана медициналык жабдыктары; камсыз кылуу материалдары - өзгөчө кырдаалдардын кесепетинен жаракат алган калкка акысыз бөлүштүрүү үчүн бөлүнгөн материалдык куралдар.
2-берене. Компетенттүү органдар
Бул Макулдашууну ишке ашыруу үчүн Тараптар компетенттүү органдарды дайындашат: Кыргыз тараптан - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги; Азербайжан тараптан - Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргонуу боюнча мамлекеттик комитет. Башка органдын дайындалышы же ыйгарым укуктуу органдардын аталышынын өзгөргөнү тууралуу Тараптар жазуу түрүндө дипломатиялык жолдор аркылуу бири-бирине кабарлайт.
3-берене. Кызматташуунун формалары
Кызматташтык ушул Келишимге ылайык Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат жана ар бир Тараптын бар болгон зарыл каражаттары менен шартталат. Бул Келишимдин чегинде кызматташтык төмөнкүлөрдү караштырат: коркунучтуу техногендик жана экологиялык процесстерге, табият кубулуштарына мониторингди уюштуруу жана жүргүзүү; табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарды мониторингдөө жана болжолдоо жөнүндө маалымат алмашуу; калкты өзгөчө кырдаалдар учурундагы аракеттерге даярдоо боюнча, ошондой эле биринчи жардамды көрсөтүү боюнча тажрыйба алмашуу; өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуда тиешелүү мамлекеттик органдарды уюштуруу жана иштерин координациялоо; өндүрүштүк кырсыктардын, кыйроолордун жана күтүлбөгөн кырсыктардын, булгануулардын калкка жана айлана-чөйрөгө келтирген кооптуулугун баалоо; табигый кырсыктардын алдын алуу жана алардын кесепеттерин жоюу; илимий-изилдөө долбоорлорун биргелешип пландоо, иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, илимий-техникалык адабияттарды жана илимий изилдөө иштеринин жыйынтыктарын алмашуу; маалыматтарды, мезгилдүү басылмаларды, усулдук жана башка адабияттарды, видео жана фотоматериалдарды, ошондой эле технологияларды алмашуу; биргелешкен конференцияларды, семинарларды, иш кеңешмелерди, окутууларды жана машыгууларды уюштуруу; биргелешкен баяндамаларды жана басылмаларды даярдоо; экинчи Тараптын окуу жайларында жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана кесепеттерин жоюу тармагындагы адистерди даярдоо, стажерлорду, окутуучуларды, окумуштууларды жана адистерди алмашуу; компетенттүү органдар ортосунда өз ара байланышта иштешүүнү камсыздоо; жардам көрсөтүүчү топту же эксперттерди жабдууда өз ара жардамдашуу; өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуда өз ара жардамдашуу; өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жаатындагы башка иштер компетенттүү органдар менен макулдашылат.
4-берене. Уюмдар менен мекемелердин ортосундагы кызматташтык
Тараптар жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жаатындагы ишти жүргүзүүчү мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын ортосундагы кызматташтыкка жардам көрсөтүшөт.
5-берене. Жумушчу топ
Бул Макулдашуунун жоболорун аткаруу боюнча иш-чараларды жүргүзүү үчүн Тараптар жарандык коргонуу (сактануу), өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу тармагында жумушчу топ (мындан ары - жумушчу топ) түзүшөт. Жумушчу топтун курамы, иш тартиби жана максаты Тараптардын ыйгарым укуктуу органдары тарабынан аныкталат.
6-берене. Жардам көрсөтүү
Жардам аны сураган Тараптын өзгөчө кырдаалдын мүнөзү, керектүү жардамдын көлөмү жана убактысы жөнүндө көрсөтүлгөн жазуу жүзүндөгү сурамдын негизинде берилет. Берүүчү Тарап кыска мөөнөттүн ичинде сурамды карап чыгып, суроочу Тарапка жардам берүү мүмкүнчүлүгү, көлөмү жана шарттары жөнүндө маалымдайт. Жардам көрсөтүүчү топторду же эксперттерди башкаруу ушул топтордун жетекчилери аркылуу суроочу Тараптын ыйгарым укуктуу органы аркылуу жүзөгө ашырылат.
7-берене. Жардамдын түрлөрү
Өзгөчө кырдаалдарды жоюуда жардам көрсөтүү жардам көрсөтүүчү топту же эксперттерди, тийиштүү жабдууларды, камсыздоо материалдары менен же башка суралган түрүндө жөнөтүү жолу менен ишке ашырылат. Жардам көрсөтүүчү топтор өзгөчө кырдаал аймагында куткаруу иштерин аткарышат. Берүүчү Тараптын жардам көрсөтүүчү топторунун же эксперттеринин жетекчилерине суроочу Тарап өзгөчө кырдаал аймагындагы жана конкреттүү иш участогундагы абал жөнүндө маалымдайт, зарылдыгы болсо ушул топторду котормочулар жана байланыш каражаттары менен, ошондой эле коопсуздук, бекер медициналык тейлөө менен камсыздайт жана алардын аракеттерин координациялайт. Жардам көрсөтүүчү топтордун жабдуусу өзгөчө кырдаал аймагында 72 саат ичинде өзүнчө аракеттерди жүргүзүү үчүн жетишээрлик болуусу керек. Жабдуу запасы түгөнсө суроочу Тарап мындай топторду андан ары иштөө үчүн керектүү каражаттар менен камсыздайт.
8-берене. Жардам көрсөтүүчү топтордун мамлекеттик чек арадан өтүүсүнүн шарттары жана алардын суроочу Тараптын мамлекетинин аймагында болуусунун тартиби
Жардам көрсөтүүчү топтордун мүчөлөрү же эксперттер суроочу Тараптын мамлекеттик чек арасынан эл аралык катнаш үчүн ачык өткөрүү пункту аркылуу ким экенин билдирүүчү документи менен өтөт. Топтун жетекчисинде жардам көрсөтүүчү топтун мүчөлөрүнүн тизмеси, жана берүүчү Тараптын ыйгарым укуктуу органы тарабынан берилген, анын ыйгарылган укугун аныктоочу документи болушу керек. Жардам көрсөтүүчү топтун мүчөлөрү суроочу Тараптын мамлекетинин аймагында жүргөндө ушул мамлекеттин мыйзамдарын сактоого милдеттүү. Мында алар берүүчү Тараптын эмгек жана ага байланыштуу маселелер боюнча мыйзамдарынын юрисдикциясында болушат. Жардам көрсөтүүчү топтун курамына кирген аскердик персоналга берүүчү Тараптын мамлекетинин эмгектик мамиле жана социалдык-экономикалык кепилдик жагындагы мыйзамдарынын аскер кызматчынын статусун жөнгө салуучу бөлүгү тиешелүү болот. Жардам көрсөтүүчү топтун же эксперттердин, алардын жабдууларынын жана камсыздоо материалдарын ташуу автомобиль, темир жол, суу жана аба транспорттору менен ишке ашырылат. Көрсөтүлгөн транспорттордун түрлөрүн жардам көрсөтүү үчүн пайдалануу тартибин ыйгарым укуктуу органдар тиешелүү мамлекеттик органдардын макулдашуусу боюнча аныкташат.
9-берене. Өзгөчө кырдаалды жоюуда жардам көрсөтүү үчүн жабдууларды жана камсыздоо материалдарын киргизүү жана чыгаруу
Өзгөчө кырдаалдарды жоюуда жардам көрсөтүү үчүн суроочу Тараптын мамлекеттик аймагына киргизилүүчү жана берүүчү Тараптын мамлекеттик аймагынан чыгарылуучу жабдуулар жана камсыздоо материалдары бажы алымдарынан, жыйымдардан жана салыктардан бошотулат. Жабдууларды жана камсыздоо материалдарын бажылык тариздөө ыйгарым укуктуу органдар берчү билдирүүлөрдүн негизинде жөнөкөйлөтүлгөн түрдө жана артыкчылыктуу тартипте ишке ашырылат, ал билдирүүлөрдө жардам көрсөтүүчү топтун же эксперттердин курамы, киргизилүүчү же чыгарылуучу жабдуулардын жана камсыздоо материалдарынын тизмеси көрсөтүлөт. Жардам көрсөтүүчү топторго жабдуулардан жана камсыздоочу материалдардан башка буюмдарды ташууга тыюу салынат. Жардам көрсөтүүчү иштер аяктаган соң киргизилген жабдууларды суроочу Тараптын мамлекеттик аймагынан алып кетүү керек. Эгерде кандайдыр бир өзгөчө шарттарга байланыштуу жабдууларды чыгарып кетүүгө мүмкүнчүлүк болбосо, ал акысыз жардам катары суроочу Тараптын ыйгарым укуктуу органына макулдашылган шарттар менен берилиши мүмкүн. Мындай учурда бериле турган жабдуунун түрү, саны жана турган жери жөнүндө суроочу Тараптын ыйгарым укуктуу органына маалымдоо керек. Медициналык тез жардам көрсөтүүгө зарылдык болсо суроочу Тараптын мамлекеттик аймагына керектүү өлчөмдө наркотик, психотроптук заттарды камтыган медициналык препараттар жана прекурсорлор киргизилиши мүмкүн. Мындай учурда жардам көрсөтүүчү топтун жетекчиси берүүчү жана суроочу Тараптардын бажы органдарына наркотик, психотроптук заттар жана прекурсорлор бар медициналык препараттар бар экени тууралуу, алардын номенклатурасы жана көлөмү көрсөтүлгөн декларацияны көрсөтөт. Андай медициналык препараттар суроочу Тарапка өткөрүлүп берилбейт жана ушул Тараптын өкүлдөрүнүн контролу менен билимдүү медициналык персонал тарабынан гана колдонулат. Колдонулбаган наркотик, психотроптук заттар жана прекурсорлор бар медициналык препараттар номенклатурасы жана көлөмү көрсөтүлгөн документтердин негизинде, суроочу Тараптын бажылык текшерүүсү менен чыгарылууга тийиш. Наркотик, психотроптук заттары бар колдонулган медициналык препараттар жана прекурсорлор боюнча алардын пайдаланылганы жөнүндө жардам көрсөтүүчү топтун жетекчиси жана врачы кол коюп, сураган Тараптын компетенттүү органынын өкүлү күбөлөндүргөн акты суроочу Тараптын бажы органдарына көрсөтүлөт.
10-берене. Аба кемелерин колдонуу
Берүүчү Тараптын ыйгарым укуктуу органы суроочу Тараптын ыйгарым укуктуу органына жардамга аба кемесин пайдалануу жөнүндө чечимин аба кеменин түрүн жана айырмалоочу белгилерин, каттамын, экипаж мүчөлөрүнүн санын, жүктүн мүнөзүн, учуучу жана конуучу жерин, убактысын көрсөтүү менен кабарлайт. Суроочу Тарап өз мамлекетинин аймагындагы тийиштүү пунктта учууга уруксат берет. Компетенттүү органдын аба кемеси менен биринчи мамлекеттин аймагынан экинчи мамлекеттин аймагындагы өзгөчө кырдаал районуна шашылыш жардам көрсөтүү жана күчтөр менен куралдарды ыкчам өткөрүү максатында компетенттүү органдар өзгөчө кырдаалды жоюуда аба кемелердин чек арадан өтүү процедурасын жөнөкөйлөтүү маселеси боюнча аба кемелерди колдонуу мүмкүндүгү жөнүндө кошумча нускаманы жана ар бир Тараптын мамлекеттик (чек ара, бажы, фитосанитардык, карантиндик кызматтар) органдарынын өкүлдөрүнүн өз ара байланышта иштешүүсүнүн механизмин иштеп чыгып, Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте макулдашат. Учуулар Жарандык авиациянын эл аралык уюму жана Тараптардын мамлекеттери белгилеген эрежелерге ылайык ишке ашырылат.
11-берене. Чыгымдардын ордун толтуруу
Эгерде Тараптар башкача макулдашпаса, Суроочу Тарап берүүчү Тарапка жардам көрсөтүүдө болгон чыгымдардын ордун толтуруп берет. Суроочу Тарап каалаган учурда өзүнө жардам көрсөтүү жөнүндө сурамын токтотуп кое алат. Мындай учурда берүүчү Тарап тарткан зыяндарын төлөтүп алууга укуктуу. Эгерде Тараптар башкача макулдашпаса, чыгымдардын ордун толтуруу берүүчү Тараптын суроосу түшкөндөн кийин 30 иш күндүн ичинде ишке ашырылат. Берүүчү Тарап жардам көрсөтүүчү топтун мүчөлөрүнүн камсыздандырылышын камсыздайт. Камсыздандырууну тариздөө чыгымдары жардам көрсөтүүдөгү жалпы чыгымдарга киргизилет. Берүүчү Тарап учуп өтүү, конуу, аэродромдо туруу жана андан аба кемелердин учуп чыгуусу боюнча төлөмдөрдөн, ошондой эле аэронавигациялык тейлөө акыларынан бошотулат. Берүүчү Тараптын аба кемелеринин отун жана техникалык тейлөө үчүн чыгымдарынын ордун толтуруу маселеси ар бир конкреттүү учурда өзүнчө чечилет.
12-берене. Зыяндын ордун толтуруу
Берүүчү Тараптын жардам көрсөтүүчү тобунун мүчөсү же эксперти ушул Макулдашууну ишке ашырууга байланыштуу иштерди аткарууда суроочу Тараптын мамлекетинин аймагында жеке адамга же юридикалык жакка зыян келтирсе, ал зыяндын ордун суроочу Тарап өзүнүн мамлекетинин мыйзамдарына ылайык төлөп берүүгө тийиш. Берүүчү Тараптын жардам көрсөтүүчү тобунун мүчөсү жардам көрсөтүүгө түздөн түз байланышпаган иштердин натыйжасында суроочу Тараптын мамлекетинин аймагында жеке адамга же юридикалык жакка зыян келтирсе, ал зыяндын ордун берүүчү Тарап суроочу Тараптын мамлекетинин мыйзамдарына ылайык төлөп берет. Жардам берүүчү Тараптын жардам көрсөтүүчү тобунун мүчөсү атайылап же шалаакылыктын кесепетинен келтирген зыяндын ордун берүүчү Тарап төлөөгө тийиш.
13-берене. Маалыматты пайдалануу
Эгер ыйгарым укуктуу органдар жазуу жүзүндө башкача макулдашпаса, ушул Макулдашуунун чегинде жүргүзүлгөн иштин натыйжасында алынган, Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык ачыкка чыгарылбачудан башка маалыматтар Тараптардын ар биринин адаттагы практикасынын жана эрежелеринин негизинде жарыяланат жана пайдаланылат.
14-берене. Талаштарды чечүү
Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөгө же колдонууга байланыштуу болуучу пикир келишпестиктер Тараптардын ыйгарым укуктуу органдарынын ортосунда сүйлөшүүлөрдү жана кеңешмелерди өткөрүү жолу менен чечилет.
15-берене. Башка эл аралык келишимдерге катышы
Бул Макулдашуу Тараптардын мамлекеттери катышуучусу болгон башка эл аралык келишимдерден болуучу укуктарына жана милдеттерине тиешеси болбойт.
16-берене. Өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү
Тараптардын өз ара макулдугу боюнча бул Макулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн жана алар бул макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет жана ушул Макулдашуунун 19-беренесинде белгиленген тартипте күчүнө кирет жана өзүнчө протоколдор менен таризделет.
17-берене. Корутунду жоболор
Бул Макулдашуу Тараптар анын күчүнө кириши үчүн керектүү мамлекет ичиндеги процедураларды аткарганы жөнүндө жазуу жүзүндөгү акыркы билдирүүнү дипломатиялык каналдар аркылуу алган датадан баштап күчүнө кирет. Бул Макулдашуу мөөнөтү белгиленбестен түзүлдү жана Тараптардын бири экинчи Тараптан аны колдонууну токтотуу ниети жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирүүсүн дипломатиялык каналдар аркылуу алган күндөн алты ай өткөнгө чейин күчүндө болот. Эгер Тараптар башкача макулдашпаса, бул Макулдашууну колдонуунун токтотулушу буга байланыштуу жүргүзүлүп жаткан, бирок аны колдонуу токтотулганга чейин бүтүрүлө элек иштерге таасирин тийгизбейт.
201_-жылдын "__" ___________ ____________ шаарында эки түп нускада, ар бири кыргыз, азербайжан жана орус тилдеринде түзүлдү жана бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Бул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө пикир келишпестиктер болсо орус тилиндеги тексти пайдаланылат.
Кыргыз Республикасынын Азербайжан Республикасынын Өкмөтү үчүн Өкмөтү үчүн
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.