Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын «2017-жылдын 7-мартында өткөрүлгөн Ош облусунун Кароол айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө» токтому.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2017-жылдын 12-марты № 65 2017-жылдын 7-мартында өткөрүлгөн Ош облусунун Кароол айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 21-февралындагы № 49 токтому менен дайындалган Ош облусунун Өзгөн районунун Кароол айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо 2017-жылдын 7-мартында өткөрүлгөн. Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынан түшкөн добуш берүүнүн жыйынтыктары жана кайра шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2017-жылдын 7-мартында болуп өткөн Ош облусунун Өзгөн районунун Кароол айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоо өттү деп табылсын.
1.1. Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жана кайра шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
1.2. Ош облусунун Өзгөн районунун Кароол айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы болуп Мурзабеков Алмас Суранбаевич табылсын.
2. Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан шайланган Кароол айыл өкмөтүнүн башчысына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк тапшырылсын.
3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага
Н. Шайлдабекова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 21-февралындагы № 49 "Ош облусунун Өзгөн районунун Кароол айыл өкмөтүнүн башчысын кайра шайлоону…Постановление · 21.02.2017 · № 49
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон