Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын «2017-жылдын 30-январында жана 14, 21, 28-февралында өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө» токтому.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2017-жылдын 3-марты № 63 2017-жылдын 30-январында жана 14, 21, 28-февралында өткөрүлгөн Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорду бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 10-январындагы № 7 токтому менен дайындалган Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 2017-жылдын 30-январында өткөрүлгөн. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 27-январындагы № 19, 16-февралындагы № 44, 21-февралындагы № 50 жана 27-февралындагы № 55 токтомдору менен дайындалган Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Октябрь жана Тоң районунун Төрт-Күл; Чүй облусунун Москва районунун Александровка; Ош облусунун Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоо 2017-жылдын 14, 21, 28-февралында болуп өткөн. Ысык-Ата, Ак-Суу, Тоң, Москва жана Кара-Суу аймактык шайлоо комиссияларынан түшкөн добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдорунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2017-жылдын 30-январында болуп өткөн Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ново-Покровка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өттү деп табылсын.
2. 2017-жылдын 14, 21, 28-февралында болуп өткөн Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Октябрь жана Тоң районунун Төрт-Күл; Чүй облусунун Москва районунун Александровка; Ош облусунун Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөттөрүнүн башчыларын кайра шайлоо өттү деп табылсын.
3. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары тууралуу протоколдору бекитилсин.
4. Тиркемеде көрсөтүлгөн талапкерлер Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын шайланган башчылары деп табылсын (тиркелет).
5. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссияларына белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр, аларды жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчылары болуп шайлангандарга тапшыруу үчүн берилсин.
6. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Г.Бекматовго жүктөлсүн.
Төрага
Н. Шайлдабекова
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 3-мартындагы № 63 токтомуна тиркеме
2017-жылдын 30-январында жана 14, 21, 28-февралында Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчылары болуп шайлангандардын ТИЗМЕСИ
№
Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын аталышы
Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын шайланган башчысынын Ф.А.Ж.
Шайлоо өткөрүлгөн күнү
Ысык-Көл облусу
Ак-Суу району
1
Октябрь айыл өкмөтү (кайра шайлоо)
Доконбаев Улан Ишембаевич
2017-жылдын 14-февралы
Тоң району
2
Төрт-Күл айыл өкмөтү (кайра шайлоо)
Абылов Руслан Кожоналиевич
2017-жылдын 21-февралы
Чүй облусу
Ысык-Ата району
3
Ново-Покровка айыл өкмөтү
Кыдыкеев Мирлан Чубакович
2017-жылдын 30-январы
Москва району
4
Александровка айыл өкмөтү (кайра шайлоо)
Баги Ибрагим Юшизович
2017-жылдын 28-февралы
Ош облусу
Кара-Суу району
5
Шарк айыл өкмөтү (кайра шайлоо)
Тезекбаев Таалайбек Жолчуевич
2017-жылдын 28-февралы
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 3
Шилтеме берет (4)
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 10-январындагы № 7 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу…Постановление · 10.01.2017 · № 7
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 27-январындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун айрым аткаруу…Постановление · 27.01.2017 · № 19
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Постановление Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 27 февраля 2017 года № 55 "О назначении повторных выборов главы Шаркского айыл окмоту Кара-Суйского…Постановление · 27.02.2017 · № 55
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 16-февралындагы № 44 "Кыргыз Республикасынын айрым жергиликтүү аткаруу органдарынын башчыларын кайра…Постановление · 16.02.2017 · № 44
- КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 21-февралындагы № 50 "Чүй облусунун Москва районунун Александровка айыл өкмөтүнүн башчысын кайра…Постановление · 21.02.2017 · № 50