# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-августундагы № 428-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз - Түрк «Манас» университетинин уставын бекитүү жөнүндө меморандумдун мамлекеттик долбоорун жактыруу боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-августундагы № 428-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз - Түрк «Манас» университетинин уставын бекитүү жөнүндө меморандумдун мамлекеттик долбоорун жактыруу боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 428-р
- Кабыл алынган күнү: 23.08.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.08.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/209276>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-9630/edition/529379/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/209276.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.08.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-августундагы № 428-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз - Түрк «Манас» университетинин уставын бекитүү жөнүндө меморандумдун мамлекеттик долбоорун жактыруу боюнча) буйругу (23.08.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/209276

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2012-жылдын 23-августу № 428-б «Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин 1-пунктунун «б» пунктчасына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы билим берүү жаатындагы кызматташтыктын алкагында:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз - Түрк «Манас» университетинин уставын бекитүү жөнүндө меморандумдун мамлекеттик тилдеги тиркелген долбоору жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрине принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Меморандумдун аталган долбооруна кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

Премьер-министр

Ө. Бабанов

Долбоор

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин уставына тиешелүү Меморандум

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөттөрү (мындан ары «Тараптар» деп аталат) - тарабынан 2011-жылдын 26-апрелинде Анкара шаарында кол коюлган «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин андан аркы иши жөнүндө келишимди» ишке ашыруу үчүн төмөндөгүлөр боюнча макулдашышты:

1-берене

Тараптар, 1995-жылдын 17-декабрындагы Бишкекте кол коюлган «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөттөрүнүн жооптуу кызматкерлеринин ортосунда Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Уставынын текстине тиешелүү Меморандум» жана анын тиркемесиндеги «Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Уставынын» ордуна мына ушул меморандум жана «Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Уставы (мындан ары «Устав» деп аталат) боюнча макулдашышты. Аталган Устав ушул Меморандумдун күчүнө кирген күндөн тартып өз күчүнө кирет.

2-берене

Бул Меморандумга түшүндүрмө берүүдө жана аны иш жүзүнө ашырууда келип чыккан талаш-тартыштар Тараптардын ортосундагы Дипломаттиялык каналдар аркылуу чечилет.

3-берене

Бул Меморандум, Тараптар Меморандумдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор аткарылгандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү соңку билдирүүнү дипломатиялык каналдар аркылуу алган күндөн тартып күчүнө кирет жана 2011-жылдын 26-апрелинде Анкара шаарында кол коюлган «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин андан аркы иши жөнүндө келишими» иштеп жаткан мөөнөтүндө жарактуу деп эсептелинет. Аталган келишим жокко чыгарылган учурда бул Меморандум даты жокко чыгарылды деп эсептелинет. Бул Меморандумдун күчүнө кириши менен 1995-жылдын 17-декабрындагы Бишкекте кол коюлган «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөттөрүнүн жооптуу кызматкерлеринин ортосунда Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Уставынын текстине тиешелүү Меморандум» жана анын тиркемесиндеги Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Уставы» жокко чыгарылат. Бул Меморандум 2012-жылдын \_\_\_\_\_ күнү \_\_\_\_\_\_\_\_\_ шаарында кыргыз жана түрк тилдеринде ар бири эки нускада даярдалды жана эки тилдеги тексттер бирдей юридикалык күчкө ээ болгон нускаларына кол коюлду.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан

Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн атынан
