# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-августундагы № 409-б (Жоюу комиссиясынын тапшырмасы боюнча) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-августундагы № 409-б (Жоюу комиссиясынын тапшырмасы боюнча) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 409-р
- Кабыл алынган күнү: 16.08.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.08.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/209259>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-9613/edition/529190/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/209259.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.08.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-августундагы № 409-б (Жоюу комиссиясынын тапшырмасы боюнча) буйругу (16.08.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/209259

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2012-жылдын 16-августу № 409-б Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-мартындагы № 175 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматын жоюу жөнүндө" токтому менен түзүлгөн Жоюу комиссиясы белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматынын пенсиялык иштерин, ошондой эле пенсиялык маселелер боюнча документтерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына (финансы полициясына) өткөрүп берсин.

Премьер-министри

Ө.Бабанов
