# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 19-июлундагы № 365-б (Каражатын бөлүү тууралуу) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 19-июлундагы № 365-б (Каражатын бөлүү тууралуу) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 365-р
- Кабыл алынган күнү: 19.07.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.07.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/209218>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-9573/edition/528713/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/209218.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.07.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 19-июлундагы № 365-б (Каражатын бөлүү тууралуу) буйругу (19.07.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/209218

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2012-жылдын 19-июлу № 365-б Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2012-жылдын апрель-июнунда республиканын аймагында болгон суу ташкындарынан жана сел агымдарынан калктуу конуштарды жана жашоо-тиричилик объекттерин коргоо боюнча жоюу иш-чараларын жүргүзүү менен байланышкан чыгымдарын калыбына келтирүү максатында:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча атайын эсептин каражаттарынан 40 (кырк) миллион сом бөлсүн.

2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

Ө.Бабанов
