# КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-июлундагы № 354-б (Туркия Республикасынын кредитинин эсебинен каржылоо үчүн долбоорлордун кошумча тизмесин бекитүү тууралуу) буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-июлундагы № 354-б (Туркия Республикасынын кредитинин эсебинен каржылоо үчүн долбоорлордун кошумча тизмесин бекитүү тууралуу) буйругу
- Актынын түрү: Распоряжение
- Номери: 354-р
- Кабыл алынган күнү: 17.07.2012
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/209209>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57-9564/edition/528724/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/209209.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-июлундагы № 354-б (Туркия Республикасынын кредитинин эсебинен каржылоо үчүн долбоорлордун кошумча тизмесин бекитүү тууралуу) буйругу (17.07.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/209209

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2012-жылдын 17-июлу № 354-б 2012-жылдын 28-июнунда кол коюлган Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 100,0 млн. АКШ доллары суммасында кредит берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги атынан чыгуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казыначылыктын Катчылыгы атынан чыгуучу Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кредиттик макулдашууга ылайык алынган кредиттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу максатында: Туркия Республикасынын кредитинин эсебинен каржылоо үчүн долбоорлордун кошумча тизмеси тиркемеге ылайык бекитилсин.

Премьер-министр

Ө. Бабанов

Тиркеме

Түркия Республикасынын кредитинин эсебинен каржылоо үчүн долбоорлордун кошумча

тизмеси

Аталышы

Объекттердин саны

Талап кылынган сумма, млн. АКШ доллары

Эскертүү

Бодо малды жасалма уруктандыруу пункттары үчүн жабдууларды сатып алуу

300

0,5

Бодо малдын продуктуулугун көбөйтүү - 50 мин фермерлер

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин алдындагы Суу чарба жана мелиорация департаментинин бөлүмдөрүн курулуш техникасы жана механизмдер менен жабдуу

230

10,0

230 бирдик техника. 230-260 жумуш ордун түзүү

Айыл чарба техникаларынын лизингин каржылоо

325

5,0

Баштапкы этапта - 325 бирдик техника, кайта берүү жана рекредиттөө - 350 бирдик техника

Кошумча тизме боюнча бардыгы:

15,5
