Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Туркия Республикасынын кредитинин эсебинен каржылоо үчүн долбоорлордун кошумча тизмесин бекитүү тууралуу) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ БУЙРУК 2012-жылдын 17-июлу № 354-б 2012-жылдын 28-июнунда кол коюлган Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө 100,0 млн. АКШ доллары суммасында кредит берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги атынан чыгуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казыначылыктын Катчылыгы атынан чыгуучу Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кредиттик макулдашууга ылайык алынган кредиттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу максатында: Туркия Республикасынын кредитинин эсебинен каржылоо үчүн долбоорлордун кошумча тизмеси тиркемеге ылайык бекитилсин.
Премьер-министр
Ө. Бабанов
Тиркеме
Түркия Республикасынын кредитинин эсебинен каржылоо үчүн долбоорлордун кошумча
тизмеси
Аталышы
Объекттердин саны
Талап кылынган сумма, млн. АКШ доллары
Эскертүү
Бодо малды жасалма уруктандыруу пункттары үчүн жабдууларды сатып алуу
300
0,5
Бодо малдын продуктуулугун көбөйтүү - 50 мин фермерлер
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин алдындагы Суу чарба жана мелиорация департаментинин бөлүмдөрүн курулуш техникасы жана механизмдер менен жабдуу
230
10,0
230 бирдик техника. 230-260 жумуш ордун түзүү
Айыл чарба техникаларынын лизингин каржылоо
325
5,0
Баштапкы этапта - 325 бирдик техника, кайта берүү жана рекредиттөө - 350 бирдик техника
Кошумча тизме боюнча бардыгы:
15,5
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.